Кипр маселеси чечилсе деңиздердеги жаратылыш газдар эмне болот?

ТКТРнын Президенти Мустафа Акынжы менен Рум лидери Никос Анастасиадис, Кипр маселесине БУУнун байкоосунда кеңири чечим табуу сүйлөшүүлөрүн улантуу үчүн бейтарап аймакта жолукту.

636290
Кипр маселеси чечилсе деңиздердеги жаратылыш газдар эмне болот?

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Президенти Мустафа Акынжы менен Рум лидери Никос Анастасиадис, Кипр маселесине БУУнун байкоосунда кеңири чечим табуу сүйлөшүүлөрүн улантуу үчүн бейтарап аймакта жолукту.

Жолугушуу БУУнун баш катчысынын Кипр боюнча атайын кеңешчиси Эспен Барт Эйденин кожоюндугунда өттү.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы, жолугушуудан кийинки маалымдоосунда Кипрда ыктымалдуу чечим табуудан кийин аралдын айланасындагы жаратылыш газ байлыктарын Израилдин жаратылыш газы менен да бириктирип Түркия аркылуу, керек болсо Түркиянын муктаждыктарына, керек болсо Европанын муктаждыктарына карай ташылышынын эң туура, эң арзан жана эң кыска жол болоорун белгилеп өттү.

Жер Ортолук деңиздеги жаратылыш газ байлыгынын бир эле коомчулукка таандык болбогон, орток байлык болгонун баса белгилеген Акыны, мунун чыңалуу аянты болуунун ордуна кызматташтык аянтына айландырылышы керектигин, муну да аткара ала тургандарына ишенгенин айтты.

Президент Акынжы, жакынкы келечекте кандайдыр бир казуу иштерин күтпөгөндөрүн белгилеп: «Биздин күтүүбүз, алдыбызда ушунча олуттуу конференция турганда, бул теманын кандайдыр бир түрдө кыйынчылык туудура турган темага айланбоосу»,-деп айтты.

Кипр сүйлөшүүлөрүндө тараптардын коопсуздук жана кепилдик темасында ар башка позицияларынын маселе туудурбаганын айткан Акынжы, эгерде бир тарап, «кепил жок, аскер жок» деген сөздөрүн акырына чейин уланта турган болсо мындан майнап чыкпай турганын, бир тарап да «кепилдиктер темасы тийишилгис» деген сөздөрүн улантса мындан жыйынтык чыгарыла албай турганын айтты.

Жасалышы керек болгондордун жакшы ниет менен бардык тараптар кабыл алгыдай, акыл, макулдашуу жана чынчылдык жолунда жолугуша алуу болгонун айткан Акынжы, тараптардын бири-бирине позицияларын таңуулай албай турганын, мунун жалгыз гана макулдашуу жолу менен боло турганын баса белгиледи.

Президент Акынжы, 9-январда Швейцариянын Женева шаарында боло турган конференцияга баруудан мурда керек болсо сүйлөшүүчүлөр, керек болсо лидерлер деңгээлинде жыйналыштардын уланганын белгилеп, лидерлердин 4-январда чогула турганын, керек болсо 9-январдан мурда дагы бир лидерлер жыйналышын өткөрө ала тургандарын белгилеп өттү.

Тараптар 1-декабрда чыгарган чечимдери менен Женевада 9-январда чогулуу, 11-январда өз карталарын сунуштоо жана 12-декабрда кепил өлкөлөр катыша турган эл аралык конференцияда жолугушуу темасында макулдашышкан.



Тектеш кабарлар