Казакстандагы ызгаардуу кыш

Абанын температурасы -40 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн

612655
Казакстандагы ызгаардуу кыш

Казакстанда суук абага байланыштуу өлкөнүн чыгыш жана түндүк аймактарындагы мектептер эс алууга тарады.

Казакстандын мамлекеттик метеорологиялык агенттигинин билдирүүсүндө, өлкөнүн түндүк жана чыгыш аймактарында абанын температурасы нормадан 10-18 градуска төмөндөгөнү, айрым жерлерде абанын температурасы 30-36 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн экени белгиленди.

Суук абанын дагы бир канча күнгө созулаары сөз кылынган билдирүүдө, «Өлкөнүн борбордук жана чыгыш аймактарында абанын температурасы -40 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн» деген эскертүү айтылды.

Маалымдалгандай Астана менен катар Чыгыш Казакстан, Усть-Каменогорск, Петропавловск жана башка айрым жерлерде суук абага байланыштуу билим берүүгө убактылуу тыныгуу берилгени маалымдалды.

Казакстан эң суук кыштарынын бирин өткөргөн 1931-жылы абанын температурасы -54 градуска чейин төмөндөгөн.

 



Тектеш кабарлар