Медалдардын саны боюнча Кыргызстан 2-орунга чыкты

3-орунда келе жаткан Казакстандын спортчулары 5 алтын, 3 күмүш жана 6 коло медалдарына ээ болушту.

566516
Медалдардын саны боюнча Кыргызстан 2-орунга чыкты

 II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кыргызстан бүгүнкү күндүн жыйынтыгында 2-орунда. Бул тууралуу улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекциянын директору Алмазбек Касенов билдирди.

Анын айтымында, медалдардын саны боюнча Россия 10 алтынга, 2 күмүшкө жана 2 колого ээ болду. Ал эми Кыргызстандын учурда 6 алтын, 12 күмүшү, 15 коло медалы бар. 3-орунда келе жаткан Казакстан Республикасынын спортчулары 5 алтын, 3 күмүш жана 6 коло медалдарына ээ болушту.
"Айрым оюндардын финалдык мелдештери азыр дагы уланып жатат. Алсак, кыргыз күрөшү, тогуз коргоол жана мангала оюндары кызуу уланууда", - деп билдирди Алмазбек Касенов.

Ошондой эле, ал спорттун жыйынтыктарын айтып жатып, чет өлкөлүк спортчулардын өтө кызыгуу менен аракеттенип ойноп жаткандарын белгиледи.

"Негизи АКШ жана башка Европа өлкөлөрүнөн келген катышуучулар үчүн көчмөндөр оюндары чоочун болгондуктан алгач алар үчүн бир аз кыйынчылыктарды жаратты. Бирок, спортчулардын өздөрүнүн айтуусунда алар жаңы көрүнүштөрдү өтө кубануу менен кабыл алууда. Кийинки оюндарда алар дагы ийгиликтерди жаратат деп ишенем", - дейт дирекциянын өкүлү.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар