Канадада Түрк фестивалы өтүүдө

«Анатолия фест 2016» Дандес аянтында миңдеген кишинин катышуусунда башталды.

527381
Канадада Түрк фестивалы өтүүдө

Канаданын Торонто шаарында Түрк фестивалы.

Канада билим берүү жана жаштар фонду тарабынан уюштурулган «Анатолия фест 2016» Дандес аянтында миңдеген кишинин катышуусунда башталды.

Аянтта ачылган стенддерде сатылган түрк ашканасына таандык тамактар, кебаптар, гөзлеме жана бөректер чоң кызыгууну тартууда.

Түрк кофеси павильонунда катышуучуларга акысыз кофе жана түрк ыкмасында чай берилген фестивалда, Торонто маданият жана таанытуу атташелиги тарабынан Түркияны тааныткан брошюра жана документер менен катар кичине белек буюмдар да таркатылууда.

Стамбулдагы Капалычаршынын кичирейтилгени сыяктуу курулган бөлүмдө болсо түрк маданиятына таандык кооздук буюмдар, кийимдер жана  фарфор идиштер менен вазолор сатылууда.



Тектеш кабарлар