Евразияга сереп салуу-28

Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити

522081
Евразияга сереп салуу-28

 «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасын окуп жатасыздар. Программабыздын бүгүнкү бөлүмүндө Өзбекстанда өткөрүлгөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити жөнүндө сөз кылабыз.

23-24-июнда Өзбекстанда Шанхай Кызматташтык Уюмунун 15-жыйыны өткөрүлдү. Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун жетекчилигинде өткөрүлгөн саммитке Кытай Эл Республикасы, Казакстан, Кыргызстан, Орусия Федерациясы жана Тажикстандын президенттери менен катар Ооганстан, Беларусь, Индия, Монголия, Пакистан жана Түркмөнстандын лидерлери да катышты. Ташкенттеги жыйынга Беларусь байкоочу мүчө статусунда биринчи жолу катышты.

Саммитте Ооганстандагы акыркы абал, террорчулукка каршы күрөшүү, баңгизат соодасы, экономикалык маселелер, адамзаттык мамилелер, эл аралык жана аймактык кызматташуунун өнүктүрүлүшү, уюмдун кеңейтилиши сыяктуу темалар каралды. Ташкенттеги жыйында Пакистан менен Индиянын 2017-жылы уюмга кошулушунун жол картасы белгиленди. Анда сөз сүйлөгөн лидерлер Ирандын да уюмга кошулушунун алдынын ачылгандыгын белгилешти.

Ташкентте сөз сүйлөгөн Владимир Путин Шанхай Кызматташтык Уюму менен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөр, Евразия экономикалык биримдиги жана Жибек Жолу экономикалык алкагындагы интеграция жараянына кошулган учурда мунун ири Евразия өнөктөштүгүнүн түзүлүүсү үчүн башталгыч болоорун баса белгиледи.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Шанхай Кызматташтык Уюм үчүн биргелешкен өнүктүрүү банкынын курулуусу керектигин баса белгиледи. Өнүктүрүү банкы менен өнүктүрүү фондунун тез арада ишке ашырылышы керектигине көңүл бурган Атамбаев, өнүктүрүү банкынын Кыргызстандын борбору Бишкекте курулуусун сунуштады. Казакстандын президенти Назарбаев болсо Астананын аймактык финансы борборуна айлангандыгын белгилеп өттү.

Саммитте эки тараптуу жана көп жактуу сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. Шанхай Кызматташтык Уюму үчүн Ташкентке барган Орусиянын президенти Владимир Путин, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана Монголиянын президенти Цахиагийн Элбэгдорж чек араларда жеңилдик түзгөн экономикалык коридор келишимине кол коюшту. Кытайдын төрагасы Цзинпинь да өздөрүнүн «Жибек жолу экономикалык алкагы» долбоору, Орусиянын «Транс-Евразия коридору» жана Монголиянын «Талаа жолу» долбоорлорунун негизинде үч тараптуу кызматташуунун кеңири абалга айлангандыгын баяндады.

15-жыйындын аягында Шанхай Кызматташтык Уюмунун Ташкент декларациясы, Өнүктүрүү стратегиясынын ишке ашырылышына байланыштуу 2016-2020-жылдарга карата кыймыл планы, Индия менен Пакистандын мүчөлүк статусуна ээ болушу үчүн келишимге кол коюлушу, Уюмдун башкы катчысынын 2015-жылдагы иш алпаруу отчетунун кабыл алынышы, Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекет башчыларынын кийинки жыйынынын күнүн белгилөө, уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосунда туризм тармагында кызматташуу программасынын өнүктүрүлүшүнө байланыштуу документтерге кол коюлду. Уюмдун кезектешкен төрагалыгын Казакстан өткөрүп алды жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун мындан кийинки саммити 2017-жылдын 8-9-июнунда Астанада өткөрүлөт.

Шанхай Кызматташтык Уюму Ташкенттеги саммитте кеңейүүнү чечти. Индия менен Пакистан уюмга кошулгандан кийин Шанхай Кызматташтык Уюму Евразия жерлеринин 60 пайызын, дүйнөлүк калктын 45 пайызын жана дүйнөлүк дүң продукциянын болсо 19 пайызын камтый турган ири уюмга айланмакчы. Өз ара маселелери бар Пакистан менен Индиянын уюмга мүчө болушу уюмдун келечегине кандай таасир жаратаарын азыртадан айтуу кыйын. Европа Биримдиги солкулдай баштаган мезгилде Шанхай Кызматташтык Уюмунун кеңейүүнү каалашы мындан кийин мүчө өлкөлөрдү бириктире турган себептердин жакшы аныкталышы керектигин эске салат.

Саммитте өткөрүлгөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн эң түшүмдүүсү Өзбекстан менен Кыргызстандын лидерлеринин ортосунда болду. Анткени акыркы бир канча жылдан бери эки өлкөнүн лидерлери жолугушкан эмес жана чек ара, энергетика сыяктуу темаларда эки тараптуу келишпестиктер бар эле. Эки лидер акыркы жолу 2013-жылы Кыргызстандын борбору Бишкекте жолугушкан.

 



Тектеш кабарлар