Евразияга сереп салуу-14

Кыргыз-өзбек чек ара маселеси

462973
Евразияга сереп салуу-14

Cиздер «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасын окуп жатасыздар. Программабыздын бүгүнкү бөлүмүндө Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек ара маселелери тууралуу сөз кылабыз.

18-мартта Өзбекстан Кыргызстандын Жалал-Абад областынын Аксы районундагы чек ара аймагына 2 аскердик, 2 жүк ташуучу унаа жана 40тан ашуун аскер жөнөттү. Өзбекстандын бул мамилеси Кыргыз өкмөтү менен элинин катуу каршы чыгуусуна себепчи болду. Бишкекте чыңалуу жараткан бул окуяга байланыштуу Кыргыз өкмөтү да аймакка ушундай эле сандагы аскер жана брондолгон унаа жөнөттү. Анын үстүнө бул окуя президент Алмазбек Атамбаевдин Ош жана Жалал-Абад аймактарын кыдырып келишинен кийин болду.

Өзбекстан бир жактуу түрдө «Достук» жана «Маданият-авто жол» өткөрүү бекеттерин колдонгон жарандар менен унааларга чектөө койду. Кыргыз тарап да Фергана өрөөнүндөгү Баймак, Кен-Сай жана Кадамжай авто жол өткөрүү пунктарын бир жактуу түрдө өзбек жарандарынын өтүүсүнө жаап салып, коопсуздук чараларын күчөттү.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул темага байланыштуу Өзбекстанга удаама-удаа эки нота жөнөттү. Кыргызстан айрыкча бул маселени Жамааттык коопсуздук келишим уюму менен Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмуна билдирди. Ал эми Өзбекстан талаш туудурган аймакка аскерлерин Нооруз майрамынан улам коопсуздукту сактоо максатында жөнөткөндүгүн маалымдады.

Өзбекстандын эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу жер катары билинген Чала-Сарт чек ара тилкесине аскер жайгаштыруусун «провокация» деп мүнөздөгөн президент Алмазбек Атамбаев: «Чек ара маселеси коңшу өлкө менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде жана дипломатиялык жол менен чечилиши керек»,-деди. Өзбекстан тараптан болсо бул тууралуу жогорку даражалуу кызмат адамдары жана саясатчылардан ачыктоо айтылган жок.

Эртең мененкиге чейин созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин 26-мартта чек ара чыры чечилди.

Орустардын аймакка мурас калтырган көптөгөн маселелерден бири болгон чек ара маселеси 25 жылдан бери кыргыз-өзбек чек арасында чечилбей келе жатат.

Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда жалпы 1380 чакырымдык орток тилке бар жана эки өлкөнүн ортосунда көптөгөн жылдар мурда башталган чек ара белгилөө иштерине карабастан эки тарап дагы деле 300 чакырымдык бөлүгү боюнча келише албай жатышат. Аталган чек арада 58 талаштуу жер бар.

Өзбекстан чек араларын 1924-жылдагы документ боюнча белгиленишин талап кылса, Кыргызстан чек араларынын 1955-жылдын документтеринин алкагында чечилишин талап кылууда. Эки өлкөнүн ортосунда андан башка «анклав» маселеси да бар. Өзбек тараптын Кыргызстанда Сох жана Шахмарда, Кыргызстандын Өзбекстандын негизги чек арасынын ичинде Барак ысымдуу жер бөлүкчөсү орун алууда.

1996-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда «Түбөлүк достук» келишимине кол коюлган. Көрүнүшкө караганда эки өлкөнүн карым-катнаштары «түбөлүк достук» алкагында илгерилеп жатса дагы, чек ара маселеси сыяктуу көйгөйлөр күн өткөн сайын дагы чоң маселе туудурууда.

Эки өлкөнүн ортосунда 2015-жылы чек ара маселелеринин чечилиши багытында 5 жолу комиссиялык жыйналыш өткөрүлдү. Чек арадагы аскерлердин бири-бирилдерине ок атышы, талаштуу аймактарда каршы тараптын атуулдарынын кармалып камакка алынышы же чек араны бузуу сыяктуу маселелер да тез-тез кездешүүдө. Балким бул комиссиянын жыйындарынын кечигүүүсүз аткарылып жатышы, ушундай окуяларга байланыштуу.

Маселенин негизи, маселенин чечилиши үчүн саясий эрктин болбошу жана эки өлкөнүн башка маселелерге чек ара маселесин шылтоо кылып жатышында турат. ГЭС курулушу, суу, газ сыяктуу эки өлкөнү бетме-бет келтирген маселелер чек ара маселелерин чечилгис кылып жатат.

Булар жетпегенсип, эки өлкөнүн лидерлеринин өз ара карым-катнашы да жакшы эмес. Чындыгында 1999-жылдагы Баткен, 2005-жылдагы Анжыян, 2009-жылдагы Бекабад окуялары эки өлкөнүн бири-бири менен абдан тыгыз кызматташуусу керектигин далилдеген. Быйыл Атамбаев Ташкентке, Каримов да Бишкекке эл аралык саммит үчүн барышат. Анда көрөлү тууган жана коңшу эки өлкөнүн лидерлери бул кризисти мүмкүнчүлүккө айландыра алышаар бекен?

Программаны даярдагандар Абдырасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар