Алма-Атада III Европа Азиялык бизнес инновация конгресси өтөт

“21-22-апрелде Алма-Ата шаарында III Европа Азиялык бизнес инновация конгресси өткөнү турат.

449404
Алма-Атада III Европа Азиялык бизнес инновация конгресси өтөт

Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында профессор Жангороз Каныметов билдирди.
“21-22-апрелде Алма-Ата шаарында III Европа Азиялык бизнес инновация конгресси өткөнү турат. Анын негизги багыттары болуп бизнестин жаңы инновациялык процесстери саналат. Бул иш-чара чыгыш менен батыштын ишкерлерин бириктире турчу чоң аянтча. Анда бизнестин жаңы технологиялары, жаңы формалары жана анын жолдору каралат. Бул жыйынга бизнесмендер, өкмөттүн өкүлдөрү, жогорку окуу жайдын жетекчилери катышмакчы”,-деп айтты Ж.Каныметов.

Ал эми, Германиянын маданияттар аралык стратегиялык коммуникация борборунун директору Шамбер Константин аталган конгресс үчүнчү жолу уюштурулуп жаткандыгын айтып, төмөнкүлөргө токтолду. “Алгач бул конгресс 2013-жылы Пекинде башталган. 2014-жылы Шанхайда өткөн. Ал эми, бул ирет Алматыда өткөрүүнү туура көрдүк. Ага Европадан, Кытайдан, Кыргызстандан, Казакстан жана башка өлкөлөрдөн бизнес чөйрөсүндөгү жана бизнес эмес чөйрөдөгү ишкерлер катышканы турат”,-деди.

Шамбер Константин айтымында үчүнчү жолку иш-чарада бизнести туруктуу өнүктүрүүнүн багыттары каралат. Ошондой эле, учурда өзгөчө мааниге ээ болуп жаткан жашыл экономика маселеси, Улуу Жибек Жолундагы ишмердүүлүк жана бизнестин жаңы формаларынын, багыттарын бириктирүүнүн жолдору талкууланат.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар