Кыргызстандын Кызыл китебине кирген жаныбарлар эмне болду?

Китеп калыңдап, жапайы жаныбарлар азайып баратат.

411022
Кыргызстандын Кызыл китебине кирген жаныбарлар эмне болду?

Кыргызстандын кызыл китебине Кыргыз Өкмөтүнүн токтому менен өсүмдүктөрдүн 65, курт-кумускалардын 18, балыктын 3 түрү, канаттуулардын 33 түрү, жан-жаныбарлардын 13 түрү киргизилген.
Бирок, “24KG” сайты “Акыркы 20 жылдын ичинде Кызыл китепке кирген жаныбарлардын саны 23гө жетти. Сейрек балыктын түрү 7ге, ача туяктуулардын саны 20дан 53гө өстү. Китеп калыңдап, жапайы жаныбарлар азайып баратат. Жаратылышты коргоо агенттигинин маалыматы боюнча 300 гана Тянь-Шань аюсу калса, кызыл карышкырдын тукуму үзүлдү. Таш арсчычканы 10 квадрат чакырым жерде бирден калды, манул таптакыр жоголду, өлкөнүн түндүгүндө болгону 20 гана сүлөөсүн калса, илбирстин саны 280ден ашпайт. Ал эми бугу-маралдан 280и калса, жейренден 20сы калды, Северцев кулжасы дээрлик жок болду”,- деп билдирет.
Opeh.kg (Ачык Кыргызстан) сайтынын билдиргенине караганда (11-апрель 2015) 1985-жылдагы Кызыл китепке аркар-кулжанын Тянь-Шань аталган түрү гана (1758) кирип калыптыр. Ал эми Памир түрү (1840) кирбептир.
“Кыргызстандын окумуштууларынын пикири боюнча бул абдан туура эмес иш болгон. Жапайы жаныбарларды коргоонун дүйнөлүк практикасынан алганда бир жаныбардын эсебинен экинчисин коргомуш болуу өзүн эч качан актабайт. Ошентип, кулжанын памир түрү аңчылыктын обьектиси болуп кала берген. Алардын мүйүздөрүнө карап эң мыктыларын атып жатышат. Натыйжада майдалары калууда. Бул кулжанын фенетикалык жана генетикалык популяциясына тескери таасир тийгизүүдө”, -деп жазат сайт.
Ал эми “Кабар” мамлекеттик маалымат агенттиги КР Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы мамлекеттик агенттигинин директору Сабир Атажановдун Жогорку Кеңеште: “Жыл сайын 60-70 кулжага атууга уруксат берилет, мурда бир кулжанын баасы 250 миң сом болсо, азыр 8,5 миң доллар турат”,-деп билдиргенин жазган болчу.

Буга байланыштуу “24KG” сайты ЖК депутаты А.Жапаровдун: “Сабир Атажановдун айтымында кулжаны аттыруудан түшкөн каражат үчкө бөлүнүп кетүүдө: 35 пайызы жергиликтүү бийликте калса, 35 пайызы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы мамлекеттик агенттигинде, калганы аңчылык чарбаларында калып жатат. Муну өзгөртүп, бардык сумма кулжанын тукумун көбөйткөнгө жумшалышы керек”,- дегенин жазып чыккан.
“Sputnik” сайты Кызыл китепке кирген ак илбирстин жана күрөң аюунун терисин сатууга аракет кылган мергенчилер тууралуу мындай маалымат тараткан: “ИИМдин кылмыш иликтөө Башкармалыгынын маалыматы боюнча Кызыл китепке кирген жаныбарлардын терисин мыйзамсыз сатууга аракет кылган фактыны таап чыгышкан. Буга шектүү катары Чүй жана Жалал-Абад облусунун тургундары кармалган. Бардык топтолгон материалдар Сокулук райондук РИИБине өткөрүлүп берилген”,-деп билдирет аталган сайт.
Ушул эле темага кайрылган “Кабар” мамлекеттик маалымат агенттиги буларды билдирген: “Кармалгандардан 4 мүшөк алынган, анда бир илбирстин териси, баш сөөгү менен болгон, дагы 3 күрөң аюунун териси, эки баш сөөгү менен алынган. Алар буларды 8 миң АКШ долларына сатмак болушкан”.
Жаратылыш демекчи жыл ичинде жан-жаныбарларга келтирилген зыяндан тышкары токой чарбачылыгына да оңбогондой зыян келтирүү фактылары катталды.
“Турмуш” сайты Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым өкүлү Э.Каптагаев премьер-министр Т.Сариевден токойлорду кыюууга жана аңчылык кылууга тыюу салууну өтүнгөндүгүн жазып чыккан. “Каптагаевдин сөзү боюнча токойду кыюуга уруксат берүү, аны мыйзамсыз кыюуга жол ачып жатыптыр. Биздин облус биосфералык аймакка кирет, ошондуктан биз экологияга зыян келтирүүнү токтотушубуз керек. Бул маселени карышкыр менен чөөдөн башкасын атууга тыюу салуу менен жетсек болот”,-деди Э.Каптагаев”,- деп жазат аталган сайт.
Негизи эле Ысык-Көл облусу боюнча токойду кыркуу фактылары быйыл көп катталды. Алардын бирин келтирсек “Sputnik” сайты жергиликтүү жашоочулар Ысык-Көл районунун Григорьевка капчыгайында токойдун мыйзамсыз кыркылып жатканын айтып даттанышканын, Башкы прокуратура ал боюнча текшерүү жүргүзгөнүн жазып чыккан.
“Бул иш боюнча Ысык-Көл райондук прокуратурасы иш козгоп, 231,7 миң сомдук зыян келтирилгенин аныкташты”,-деп жазды “Sputnik” сайты.

"Кабар" маалымат агенттиги


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар