Кыргызстан бюджеттин ачыктыгы боюнча КМШда үчүнчү орунда

КМШда биринчи эки орунду 74 балл алып Россия ээлесе, Грузия 66 балл алган.

396635
Кыргызстан бюджеттин ачыктыгы боюнча КМШда үчүнчү орунда

Эл аралык Бюджет Өнөктүгү (International Budget Partnership) уюмунун маалыматына ылайык Кыргызстан (100дөн) 20 баллга күтүлбөгөн секирик жасап, 2015-жылы 54 баллга жеткен. Бул тууралуу Улуттук Стратегиялык Изилдөө Институтунун басма сөз кызматы билдирди.
КМШда биринчи эки орунду 74 балл алып Россия ээлесе, Грузия 66 балл алган. Кыргызстандын мыкты көрсөткүчү катары Мыйзам чыгаруу органдарынын бюджет көзөмөлү индекси аталды. Бул боюнча Кыргызстан 70 балл алган.
Калган индикаторлор боюнча баа төмөнүрөөк: бюджеттин ачыктыгы чектелүү, 54 балл; коомчулуктун катышуусу-чектелүү, - 52 балл; жогорку финансы органдары тарабынан бюджеттин надзору-чектелүү, 42 балл;
Эл аралык Бюджет Өнөктүгү уюму КР Өкмөтүнө пландаштырылып жаткан кийинки жана келечектеги республикалык бюджет, анын классификациясы, факты жүзүндө чыгымдалышы боюнча жылдык отчет тууралуу кеңири маалымат берүүнү сунуштайт.
Ошондой эле мамлекеттик бюджет тууралу угууларды жарыялоону, коомчулукка жогорку көзөмөл органына жардам бере ала тургандай официалдуу механизмдерди түзүп берүүнү сунуш кылат. Айталы аудиттер өз программасын түзүп аудиттик иликтөөлөргө катыша алышы керек, ошол эле учурда жогорку көзөмөлдөөчү орган коомдук жардамдан, алардын катышуусунан пайдалана алгандай болушу керек.

"Кабар" маалымат агенттиги


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар