Азербайжан Арменияга катуу жооп берди

Азербайжан тышкы иштер министрлиги кол салууну «аскердик кылмыш» деп мүнөздөдү

374069
Азербайжан Арменияга катуу жооп берди

Азербайжандан Армения армиясынын той болгон жерге карата кол салуусуна катуу жооп берилди. Азербайжан тышкы иштер министрлиги кол салууну «аскердик кылмыш» деп мүнөздөдү. Министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Армения куралдуу күчтөрүнүн Азербайжандын Тертер аймагында той болуп жаткан жерге ок атып бирөөсү бала болгон 3 кишинин жаралануусунун эл аралык укуктун жок деп саналганынын ачыкча белгиси экени баса белгиленди.
Маалыматта «Эл аралык жаза укугу боюнча Армения куралдуу күчтөрүнүн бул атайын жасалган аскердик кылмыш»,- деп айтылды. Армениянын басып алууга карата бул саясатынын аймактын тынчтык жана ырааттуулугуна карата ачыкча коркутуу экени белгиленди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар