Тажикстандын президенти Түркмөнстанда жолугушууларды өткөрдү

Эки мамлекеттин ортосунда маданият, саламаттык сактоо жана медиа тармагында кызматташтык келишимине кол коюлду.

336956
Тажикстандын президенти Түркмөнстанда жолугушууларды өткөрдү

Тажикстандын мамлекет башчысы Имомали Рахманов Түркмөнстанга расмий иш сапары менен барды.
Тажикстандын мамлекет башчысы Имомали Рахмановду Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухамедов "Эгемендик" аянтында аскердик салтанат менен тосуп алды.
Тосуп алуудан кийин эки лидер "Рухият" сарайында өз алдынча жолугушуу өткөрүштү.
Анда аймактык темалар каралып, эки мамлекеттин ортосунда дүйнөлүк масштабда дагы көп кызматташтык түзүлүүсү керектиги сүйлөшүлдү.
Делегациялар аралык жолугушуулардан кийин эки мамлекеттин ортосунда маданият, кино, телекөрсөтүү, саламаттык сактоо жана эл аралык мамилелерде кызматташуу келишимдерине кол коюлду.
Эки лидер биргелеше өткөргөн маалымат жыйында Түркмөнстан менен Тажикстандын ортосундагы карым-катнаштардын өнүгүүсүнөн келип чыккан сезимталдык сөз кылынды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар