Жүк ташуучу поезд Азербайжанга барды

Проектинин негизинде сентябрь айында экинчи жүк ташуучу поезддин Кытайдан Түркияга жолго чыгуусу пландалууда

313969
Жүк ташуучу поезд Азербайжанга барды

28 - июль күнү Кытайдан жолго чыккан жана биринчи жолу Эл аралык Транс Каспий транспорт багытын колдонгон жүк поезди Азербайжанга барды.
Казакстан аркылуу өтүп 4 миң 258 километр темир жолу жана 510 километр деңиз жолун басып өткөн жүк кемесинин жүргүнчүлүгү 6 күнгө созулду.
Азербайжан, Казакстан, Грузия, Түркия жана Кытай темир жолу курулушунун биргелешкен демилгеси менен түзүлгөн темир жол менен Кытайдан Европага дагы ылдам жана арзанга жүк ташууга болот. Андан мурда башка багыттар менен Кытайдан жолго чыккан бир жүк кемесинин Алат портунан баруу мөөнөтү 35 күндөн 6 күнгө түшөт. 2020 - жылга чейин жол боюнча ташылган контейнер санынын 300 миңден ашуусу пландалууда. Проектинин негизинде сентябрь айында экинчи жүк ташуучу поезддин Кытайдан Түркияга жолго чыгуусу пландалууда.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар