ТҮРКСОЙдун жаштык камералык хору алтын медаль алды

ТҮРКСОЙдун жаштык камералык хорунун алкагында кыргызстандык ыр чеберлери да бар.

382848
ТҮРКСОЙдун жаштык камералык хору алтын медаль алды

ТҮРКСОЙдун жаштык камералык хору Европанын хор ыр-бийлеринин экинчисинде 3 номинация боюнча алтын медалга ээ болду.
Эл аралык түрк маданияты уюму ТҮРКСОЙдун жаштык камералык хору 20 күндүк даярдануудан кийин Германиядагы Европанын хор ыр-бийлеринин экинчисинде 3 тармакта алтын медалды жеңип алды.
Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Татарстан жана Түркиядан жаш консерватория окуучулары чогулуп түзгөн ТҮРКСОЙдун жаштык камералык хору 31 кишиден турат.
Хордун казакстандык дирижёру Куттубаданова да бул топтун сейрек кездешүүчү хор болгонун баса белгилеп, «Биз бул топту абдан кыска мөөнөттө даярдадык. Ийгиликтүү болушунун себеби да 5 башка өлкөдөн катышуучулардын болушу»-деп айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар