Эскишехир менен Ош бир тууган шаар болду

Кыргызстандын Анкарадагы толук ыйгарымдуу элчиси Ибрагим Жунусов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков жана коштоосундагы делегация губернатор Азим Туна менен кызмат орундугунда жолугушту.

233289
Эскишехир менен Ош бир тууган шаар болду

Эскишехирди дагы жакындан таануу жана түрдүү жолугушууларды өткөрүү үчүн Эскишехирге барган Кыргызстандын Анкарадагы толук ыйгарымдуу элчиси Ибрагим Жунусов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков жана коштоосундагы делегация губернатор Азим Туна менен кызмат орундугунда жолугушту.
Губернатор Туна бир туугандык байланыштарынын дагы да күчтөнүүсү үчүн Эскишехир губернаторлугу жана Ош губернаторлугунун ортосунда «Бир туугандык карым - катнаштардын түзүлүшү» протоколуна кол коюшарын айтты. Жылуу жолугушуудан кийин протоколго кол койгон аземге өтүлдү. Кол коюлгандан кийин губернатор Туна Эскишехирдин Түркиянын алдыңкы шаарларынын арасында орун алганын жана эски цивилизациялардын кесилишкен жери экенин белгиледи. Эскишехирде эки чоң университеттин бар экенин жана дүйнөнүн булуң - бурчунан студенттердин билим алуу үчүн келгенин айткан Туна : «Эки шаардын ортосундагы карым – катнаштардын дагы да өнүгүүсү үчүн бүгүн бир туугандык протоколуна кол койдук. Ушундайча карым – катнаштарыбызды дагы да бекемдей алабыз. Ош аймагы өнүккөн аймакта жайгашкан. Түрк аба жолдорунун түз каттамдары да бар. Балким алдыбыздагы мезгилде ишкерлер менен барууну пландап жатабыз. Бири бирибизге дагы жакын болуубуз керек. Келечекте тыгыз иш мүмкүнчүлүктөрүнүн болорун ойлоодобуз».- деди. Кол коюлган протокол менен достук жана бир туугандыктын дагы да күчтөнөрүн айткан Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбекеов болсо : «Өлкөлөрүбүз ансыз деле бир тектен келет. Алла бизди бир тууган кылып жаратыптыр. Мындан кийин өлкөлөр аралык достукту да күчтөндүрөбүз, абдан жакшы иштерге кол койобуз»,- деди. Кыргызстандын Анкарадагы толук ыйгарымдуу элчиси Ибрагим Жунусов да түрк калкы менен болгон бир туугандык карым - катнаштардын терең экенин айтып, түрк инсанына абдан чоң баа беришкендерин, Түркия менен болгон карым – катнаштардын эч үзүлбөшүн каалады. Андан кийин губернатор Туна Жээнбековго Эскишехирдин 2013 түрк дүйнөсүнүн маданий борбор шаары болушуна арналып жасалган табакты тапшырды. Жээнбеков да губернаторлуктун сыймык дептерине кол жазмасын калтырды.

 



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар