Бакуда Каспий жыйыны

Жыйынга Каспий деңизине жээктеш беш өлкөнүн өкүлдөрү катышууда.

247447
Бакуда Каспий жыйыны

Каспий деңизинин укуктук статусунун белгиленүүсүнө байланыштуу 39-техникалык комитет жыйыны Азербайжандын борбору Бакуда башталды.
Жыйынга Каспий деңизине жээктеш беш өлкөнүн ушул темага тийиштүү тышкы иштер министрлеринин орун басарлары жана өкүлдөрү катышууда.
Жыйналышта Каспий деңизинин укуктук статусунун белгиленишине байланыштуу келишимдин даярдык иштери каралууда.
Быйыл Казакстандын борбору Астанада өткөрүлүшү пландалган жана Каспий деңизине жээктеш өлкөлөрдүн мамлекет башчыларын жолугуштура турган жыйындын календары да ушул жыйналышта белгиленет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар