Кыргызстанга баргысы келген Жеңиш...(видео)

Кыргызстанга баргысы келген Жеңиштин далалаты.

196718
Кыргызстанга баргысы келген Жеңиш...(видео)

Биздин чыгармачылык топ Афганистандагы Памир кыргыздарынан бөлүнүп Түркиянын Ван дубанына көчүп келип, андан Анкаранын Чубук районуна ооп олтурукташа баштаган 50 түтүн элден кабар алганыбыз тууралуу айткан элек. Мына ошол сапарыбызда биздин жолубузду утурлай тосуп чыгып, үйүнө жол баштап барып коноктоп, Кыргызстанга сөзсүз барам деген ой-максаттарын биз менен бөлүшкөн Жеңиш менен дагы маектешкен элек. Учурда Анкара шаарында билим алып жаткан 18 жаштагы Жеңиш өз аракети менен кыргыз тамгаларын үйрөнүп, кыргызстандык студенттер белекке берген эне тилиндеги эки китепти аздектеп сактап, ар дайым окуп жүрөт. Жеңиштин эне тилин унутпасам деген тилектерин, комуз чертсем деген аракеттерин угуп-көрүп олтуруп, анын кыргыз бойдон сакталып калууга болгон чоң аракеттерин байкоого болот.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар