Токтогул Сатылганов Азербайжанда да эскерилди

Бакуда улуу акындын 150 жылдыгынан улам эл аралык конференция өткөрүлдү.

142324
Токтогул Сатылганов Азербайжанда да эскерилди

Кыргыз элинин улуу төкмө акыны Токтогул Сатылганов Азербайжанда да эскерилди.
Борбор шаар Бакуда Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгынан улам эл аралык конференция өткөрүлдү.
Иш-чарага Азербайжандын маданият жана туризм министри Эбулфез Караев, ТҮРКСОЙдун баш катчысы Дүсен Касеинов, Эскишехир шаарынын губурнатору Гүнгөр Асим Туна жана көп сандаган адабиятчы катышты.
Конференцияда акындын өмүр баяны жана чыгармалары тууралуу маалымат берилип, ыр-күүлөрү чертилди.
ТҮРКСОЙ тарабынан жарыяланган «Токтогул Сатылгановдун тандамал чыгармалары» жана Эскишехир губернаторлугу тарабынан беш тилде басылып чыккан «Ырларга өрүлгөн, күүлөргө төгүлгүн өмүр» аттуу китеп да таанытылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар