Казакстан-Түркмөнстан-Иран темир жолу багыты

Темир жолу багытынын 82 км Иран, 700 км Түркмөнстан, 120 км бөлүгү Казакстандын территориясынан өтөт.

209749
Казакстан-Түркмөнстан-Иран темир жолу багыты

Казакстан-Түркмөнстан-Иран темир жолу багыты 3-декабрда азем менен ачылат.
Ачылыш менен бирге темир жолдун Иран-Түркмөнстан бөлүмү ишке кирет. Ири проекттин Казакстан-Түркмөнстан бөлүмү өткөн жылы май айында тейлөөгө киргизилген.
Темир жолдун иштей башташы менен Европа, Орто жана Түштүк Азияга жүк ташууда чыгым азаят жана ылдам жеткирүү камсыздалат.
Казакстан, Иран жана Түркмөнстандын ортосунда 2007-жылы кол коюлган келишим менен курула баштаган темир жол багытында жыл сайын 3-5 миллион тонна жүк ташылышы максатталууда. Алдыдагы жылдарда ташылган жүктүн көлөмү 10-12 миллион тоннага жетиши күтүлүүдө.
Темир жолу багытынын 82 км Иран, 700 км Түркмөнстан, 120 км бөлүгү Казакстандын территориясынан өтөт.
Бул багыттын ачылыш аземине тийиштүү өлкөлөрдүн мамлекет башчылары катышуусу күтүлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар