Кытайда уйгур илимпоздун окуучулары да сот алдында

Оппозициячылдар Кытайдын уйгур автоном аймагындагы катуу саясаттарын көкүткөнүн жактап жатат

205212
Кытайда уйгур илимпоздун окуучулары да сот алдында

Кытайда жикчилдик менен күнөөлөнүп, өмүр боюу абак жазасына тартылган уйгур илимпоз Илхам Тохтинин окуучулары да соттолууда. Тохтинин алган жазасына эл аралык коомдук пикирде каршы чыгуулар болуп, Кытай сотунун Тохтинин 7 окуучусун да жикчилдик менен соттоосу тынчсызданууларды күчтөндүрдү. Илхам Тохтинин өмүр боюу жазасынын кассациялык сотко кайрылуусу бир канча күн мурда четке кагылган. Уйгур автоном аймагынын борбор шаары Үрүмчүдөгү элдик сот 7 окуучуну жикчилдик менен соттоп жатат. Тохтинин адвокаты 3 окуучунун мамлекеттик телекөрсөтүүдө Тохтинин интернет сайты үчүн иштешкендерин кабыл алышкандарын айтты. Экономика боюнча профессор Илхам Тохти өкмөт саясаттарын сынга алуусу менен сентябрь айында жикчилдик менен түбөлүк абак жазасына тартылып, жазага Кытайда узун убакыттан бери оппозициячылдарга берилген эң катуу жаза катары каршы чыгуулар болду. Оппозициячылдар Кытайдын уйгур автоном аймагындагы катуу саясаттарын көкүткөнүн жактап жатат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар