ТКТРда кемедеги качкындар куткарылды

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жакынында чөгүү коркунучуна дуушар болгон кемедеги сириялыктар куткарылды.

202457
ТКТРда кемедеги качкындар куткарылды

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) жакынында чөгүү коркунучуна дуушар болгон кемедеги 228 сириялык куткарылды.
Жер Ортолук деңизде сүзүп бараткан Танзания желеги илинген кеме Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Татлысуу тарабындагы деңизде өзгөчө кырдаал чакырыгы менен жардам сурады.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Жээк коопсуздугу командирлиги кемеге жардам берейин дегенде катуу шамал болуп чоң толкундар пайда болгондуктан Түркиядан кошумча колдоо талап кылды.
228 сириялык көчмөн орун алган кеменин капитандары менен экипажынын жүргүнчүлөрдү таштап кайыктар менен качкандары белгилүү болду.
Жардам чыкырыгы боюнча Түркиядан кеткен куткаруучу кеме арасында балдар жана кош бойлуу аялдар да болгон көчмөндөрдү куткарды.
Бир спорт залда кармалып турган качкындардын түштөн кийин Түркияга жөнөтүлүшү күтүлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар