Түрк басма сөзү 18.04.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2129306
Түрк басма сөзү 18.04.2024

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган: Палестинанын көз карандысыздык күрөшүн бардык шартта коргойбуз» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Газада 14 миң баланы өлтүргөн Израилдин Гитлерден да өткөнүн айтканын жазган. Эрдоган Палестинанын көз карандысыздык күрөшүн бардык шартта кайраттуулук менен коргой тургандарын белгиледи.

«Йени Шафак» гезити «Эрдоган, Хамас баскынчы Израилге каршы каршылык көрсөтүү кыймылы» аттуу кабарында президент Эрдогандын Хамастын Палестина жерлерин баскынчы Израилге каршы коргогон каршылык кыймылы экенин дагы бир жолу баса белгилегенин маалымдаган. Эрдогандын Палестинанын эгемендик күрөшүнө берген колдоосун баалаган Хамас Түркияга ыраазычылыгын билдирди.

«Сабах» гезити «Хакан Фидан: Аймакта жапа чеккендер Газа эли» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Хакан Фидандын Израилдин палестиналыктарга каршы жүргүзгөн геноцид саясаты жана акыркы абалдар тууралуу билдирүү жасаганын баяндаган. Министр Фидан аймактагы жапа чеккен жалгыз Газа калкы экенин белгиледи. Хакан Фидан: «Аймак өлкөлөрү катары биз үчүнчү тараптардын бул географияга өз кагылышууларын алып келишин каалабайбыз»,-деди.

«Стар» гезити «Хакан Фидан Исмаил Ханийе менен жолугушту» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Хакан Фидандын Катарга болгон сапарында Хамастын саясий бюросунун төрагасы Исмаил Ханийе менен жолугушканын маалымдаган. Жолугушууда Газага гуманитардык жардамдар, ок атышпоо жана барымтадагылар талкууланды.

«Хүррийет» гезити «Түркия Грециянын деңиз паркы декларациясын кабыл албайт» аттуу кабарында Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челиктин Грециянын экологиялык иш-чараларынын алкагында Эгей жана Иония деңиздерин эч кандай шартта деңиз паркы деп жарыялоо аракетине уруксат бербей тургандарын айтканын жазган. Гезит Челик: «Греция ар кандай кыянаттыктан алыс болушу керек. Аймак мындан ары чыңалууну жана зомбулукту көтөрө албайт»,-деп айтканын баяндаган.



Тектеш кабарлар