Түрк басма сөзү 29.04.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2132997
Түрк басма сөзү 29.04.2024

«Сабах» гезити «Министр Фидан Палестинанын премьер-министри менен сүйлөштү» аттуу кабарында тышкы иштер министри Хакан Фидандын Палестинанын премьер-министри жана тышкы иштер министри Мухаммед Мустафа менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жазган. Сүйлөшүүдө Газа жана Батыш Шериадагы акыркы абалдын талкууланганы кабарланды.

«Хүррийет» гезити «Министр Уралоглу: Кызматташуубузду улантабыз» аттуу маалыматында транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу Бириккен Араб Эмирликтеринин инвестиция министри Мухаммед Бин Хасан Аль Сувейди менен Стамбулда өткөргөн жолугушуусуна байланыштуу: « Алдыдагы мезгилде Бириккен Араб Эмирликтери, Ирак жана Катардык кесиптештерибиз менен төрт тараптуу министрлер саммитин өткөрөбүз. «Өнүгүү жолу» долбоорунда кызматташуубузду улантабыз»,- дегенин жазган.

«Стар» гезити «Мексикалык министр Маркес: Түркиянын ийгилиги чек аралардан ашып, өлкөбүзгө жетти» аттуу кабарында түрк сериалдарынын мексикалыктардын Түркияга сапарына чоң таасир эткенин айткан Мексиканын туризм министри Мигель Торруко Маркес: «Түрк лидерлери абдан ийгиликтүү сериалдар жана кинолор менен ишке ашырган жарнамалар аркылуу чоң ийгиликке жетишти жана чек аралардан ашып өтүп Мексикага жетти. Бул Түркиянын жылмайган жүзүн жана достугун көрсөттү»,- дегенин жазган.

«Ватан» гезити «Министр Байрактар ​​жарыялады: LNG келишими үчүн АКШ фирмасы менен сүйлөшүүлөр өткөрүлдү» аттуу маалыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар ​​LNG келишими үчүн АКШнын энергетика фирмасы Exxon Mobil менен сүйлөшүүлөрдүн жүргүзүлгөнүн билдиргенин жазган.

«Хабер Түрк» гезити «Улуттук мушкер Самет Гүмүш Европа чемпиону» аттуу кабарында Сербияда өткөрүлгөн бокс боюнча Европа чемпиондугунда эркектер арасында 51 килограммда Самет Гүмүш финалда венгриялык Атила Бернартты жеңип алтын медалга ээ болгонун билдирген.



Тектеш кабарлар