Түрк басма сөз 16.04.2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2128178
Түрк басма сөз 16.04.2024

«Ватан» гезити «Президент Эрдоган Катардын эмири менен сүйлөштү» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Катардын эмири Аль Тани менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн кабарлаган. Сүйлөшүүдө Түркия  -  Катар карым  - катнаштары, глобалдык жана аймактык темалар менен Израилдин Газага кол салуулары талкуулангандыгын кабарлаган.

«Хүррийет» гезити «Министр Фидан Антонио Гутерреш менен сүйлөштү» деп билдирип, тышкы иштер министри Хакан Фидандын кечээ БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн белгилеген. Сүйлөшүүдө аймактагы акыркы абалдар, Газадагы абал, Кипр темасы жана Кара деңизде навигация коопсуздугу каралды.

«Йени шафак» гезити «Иран  -  Израиль кризиси чыгары менен Улуттук Чалгындоо Уюмунун төрагасы Калындын каалгасы кагылды» деген макаласында Улуттук Чалгындоо Уюмунун төрагасы Ибрахим Калындын  ЦРУнун директору Уильям Бернс менен Газада ок атышпоо сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу пикир алышууларда болушкандарын билдирген.

Улуттук Чалгындоо Уюмунун төрагасы Ибрахим Калын ЦРУнун төрагасы Уильям Бернс менен Газада ок атышпоо тууралуу сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу пикир алышууларда болушту. Бернс Калынга майрамда телефон чалып Ирандын Израилге карата кол салуу боюнча дооматтарга ортомчу болушун каалады. Улуттук Чалгындоо Уюмунун төрагасы Калын андан кийин Хамастын саясий бюросунун төрагасы Ханиййе менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүдө ок атышпоо сүйлөшүүлөрү, газалыктардын үйлөрүнө кайтуулары, аймакка гумантардык жардамдардын жеткирилиши, алмаштыруу темаларына байланыштуу жагдайлар каралды.

«Сабах» гезити «Стамбул аэропорту Европанын эл эң көп болгон аэропорту болду» деп жазып, Стамбул аэропортунун 1 – 7 -  апрелде күнүмдүк орточо  1412 каттам менен Европанын эл эң көп болгон аэропорту катары белгиленгендигин кабарлаган.

«Стар» гезити «Акрам : Түркия менен өнөктөштүк бул мезгилде абдан маанилүү» деген маалыматында Түркия  -  Пакситан карым  - катнаштары тууралуу сөз сүйлөгөн Пакистандын БУУдагы туруктуу өкүлү Мүнир Акрамдын : «Өнөктөштүгүбүз  белгисиздик жана туруксуздук болгон бул мезгилде Европа жана Жакынкы Чыгыш, Азия үчүн абдан маанилүү»,- дегенин белгилеген.



Тектеш кабарлар