Түрк басма сөзү 13.03.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2114570
Түрк басма сөзү 13.03.2024

«Йенишафак» гезити «Эрдоган: Зулумдукту да мыйзамдаштыргандар бар» аттуу кабарында Израилдин Газага кол салууларына реакция кылган президент Режеп Таййип Эрдогандын: «Батыш жана Израиль өздөрү үчүн дүйнөнү отко салышты. Израилдин Газада ишке ашырган зулумун да адам укуктары, демократия, эркиндик жана коопсуздук деген түшүнүктөр менен мыйзамдаштыруу үчүн колдонгондор ушулар эмеспи?" дегенин жазган.

«Стар» гезити «Эрдогандын Израилге карышылык көрсөтүүсү: Алар бизге канкорлорду канкор деп айтуубузга тоскоол боло алышпайт» аттуу маалыматында элчилер менен жолуккан ооз ачуу программасында сөз сүйлөгөн президент Эрдогандын: «Канкорлорду канкор деп айтуубузга тоскоол боло алышпайт. Израилдик жетекчилер геноцид чындыгын жашырууга аракет кылуунун ордуна Газада каза болгон ымыркайлар үчүн жооп бериши керек»,-дегенин билдирген.

«Хүрриет» гезити «Терроризмге каршы күрөштө Ирак менен кызматташтык жыйыны» аттуу кабарында Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн «Чеңгел-Кулпу» операциясы уланып жатканда ирактык жергиликтүү жетекчилер менен критикалык жыйын өткөрүлгөнүн жазган. Жыйында Ирак-Түркия чек арасынын коопсуздугу талкууланды.

«Сабах» гезити «Fitchтен Түркия талдоосу: Ишенимибиз артты» аттуу маалыматында Эл аралык кредиттик рейтинг агенттиги Fitch Ratingsтин башкы директору жана Түркия аналитиги Эрих Ариспе Моралес, Түркиянын учурдагы экономикалык саясат багытынын дагы да туруктуу экенине жана саясаттардын улана турганына ишенимдеринин артканын айтканын билдирген.

«Ватан» гезити «Сертаб Эренер 21 жылдан кийин кайрадан Евровидение сахнасына чыгат» аттуу кабарында 2003-жылы Евровидениеде Түркияга "Everyway That I Can" аттуу ыры менен биринчиликке алып келген Сертаб Эренер 21 жылдан кийин кайрадан Eurovision сахнасына чыга турганын жазган. 2024-жылы Евровидениеге кожоюндук кыла турган Швециядан чакыруу алганын белгилеген Эренер «Everyway That I Can» ырын башка вариантта ырдай турганын айтты.



Тектеш кабарлар