Түрк басма сөзү 29.01.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2094480
Түрк басма сөзү 29.01.2024

«Йени Шафак» гезити «Тышкы иштер министрлиги: Кээ бир өлкөлөрдүн Палестиналык качкындарга жардам жана коомдук иштер боюнча агенттигине жардамын токтотуусуна тынчсызданып жатабыз» аттуу кабарында Тышкы иштер министрлигинин кечээки билдирүүсүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык качкындарга жардам жана коомдук иштер боюнча агенттигине (UNRWA) жардам берүүнүн токтотулушуна тынчсызданганын маалымдаганын жазган. Билдирүүдө бул уюмдун бир нече мүчөсүнө коюлган дооматтардан улам мекемеге жардам берүүнү токтотуунун «биринчи кезекте палестиналыктарга» зыяны тие турганы баса белгиленди.

«Хүррийет» гезити «Министр Кажыр: Түрк илимий изилдөө базасы үчүн иш-аракеттер уланууда» аттуу маалыматында өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр 8-Улуттук Антарктида илимий сапарына кошулуу үчүн илимпоз жана изилдөөчүлөрдүн кечээ Стамбулдан жолго чыкканын билдиргенин жазган. Кажыр Антарктидада курула турган Түрк илимий изилдөө базасы үчүн аймактагы иштердин уланып жатканын айтты.

«Стар» гезити «Космостон үчүнчү байланыш» аттуу кабарында Түркиянын биринчи астронавты Алпер Гезеравжынын, президент Эрдоган жана министр Кажырдан кийин алгачкы түз байланышын Самсун университетинин студенттери жана академиктер менен өткөргөнүн билдирген. Сүйлөшүүдө Гезеравжы Эл аралык космос станциясындагы изилдөөлөрү тууралуу маалымат берди.

«Сабах» гезити «БАРКАНдан 1000 км ийгилик...» аттуу маалыматында Түрк коргоо өнөр жайынын карамагында иштелип чыккан айдоочусуз кургактык унаасы BARKAN, карлуу жана ылайлуу талааларда, татаал аймактарда 1000 километрден ашык жолду басып өткөнүн билдирген. БАРКАН өзүнүн өзгөчөлүктөрү менен көңүлдөрдү бурууда.

«Хабер түрк» гезити «Арда Гүлерден билдирүү» аттуу кабарында Испаниянын 1-Футбол лигасында (ЛаЛига) Реал Мадриддин формасын кийген улуттук оюнчу Арда Гүлер биринчи жолу лигада ойногонун жазган. Улуттук футболчу Арда Гүлер «Алдыда дагы көптөгөн беттештер болот» деген билдирүүсүн берди.



Тектеш кабарлар