Түрк басма сөзү 21.12.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2079075
Түрк басма сөзү 21.12.2023

«Ватан» езити «Эрдоган: Бул адамзат үчүн уят абал» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Президенттик маданият жана искусствонун чоң сыйлыктарын тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө Израилдин Газа кыргынына каршы чыгып: «Ал жерде эмне болгонун баары билет. Израилдин кол салуулары кыргын жана уурулукка негизделген. Бул адамзат үчүн уят абал»,- деп айтканын берген.

«Хүррийет» гезити «Барымтадагы Израилдин тууганынан президент Эрдоганга түрк тилиндеги билдирүү: Бизге жардам берсин» аттуу кабарында 7-октябрда небереси Хамас тарабынан барымтага алынган израилдик Стелла Самбрано Түркиядан жардам сураганын маалымдаган. Стамбулда төрөлгөнүн жана жылына бир нече жолу Стамбулга келгенин айткан Самбрано : «Стамбулду жана (Президент) Эрдоганды абдан жакшы көрөбүз. Балдарды чоң энеге алып келүүсүн суранам. Андан абдан суранабыз бизге жардам берүү үчүн»,-деп айтканын баяндаган.

«Йенишафак» гезити «Дүйнөлүк маалымат каражаттары президент Эрдогандын АКШга каршы турумун сөз кылууда» деген кабарында президент Эрдогандын Венгриядан кайтып келгенде өзгөчө АКШга Швециянын НАТОго кирүү шартына байланыштуу берген билдирүүлөрү дүйнөлүк басма сөздө кеңири орун алганын маалымдаган. Гезиттер мүчөлүктүн кийинкиге жылдырылышын жана президент Эрдогандын F-16 талабын ортого салганын жазды.

«Стар» гезити «Түркиянын мега долбоору сыйлыктарга тойбойт» деген кабарында АКШда жайгашкан Engineering News-Record (ENR) журналы тарабынан «Жылдын долбоору» деп тандалган мега долбоорлордун бири болгон «1915 Чанаккале» көпүрөсүнүн баш байгеси онлайн азем менен жетекчиликке тапшырылганын маалымдаган.

«Сабах» гезити «Дүйнөнүн эң даамдуу десерттеринин тизмесинде экинчи орунда Түркиядан келген десерт бар» деген кабарында Дүйнөдөгү эң даамдуу сүттүү десерттердин тизмеси жарыяланганын жазган. Тизмеде 2-орунду Түркиядан абдан популярдуу таттуу «фырын сүтлач» ээледи.


Этикеткалар: #Эрдоган

Тектеш кабарлар