Түрк басма сөзү 11.12.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2074848
Түрк басма сөзү 11.12.2023

Түрк басма сөзү 11.12.2023

«Хүррийет» гезити «Афинада Эрдоган жаңырыгы уланууда» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын алты жылдан кийин Афинага жасаган сапары, өлкөнүн медиасында кеңири орун алууну улантып жатканын билдирген. Грек медиасында эки өлкөнүн карым-катнаштарындагы оң маанайдын улана турганынын күтүлгөнү айтылып, Грециянын премьер-министри Кирякос Мицотакис менен Эрдогандын тамашалашууларына да орун берилди.

«Стар» гезити «Түркия менен Грециянын ортосунда жаңы мезгил» аттуу маалыматында Түркия жана Грециянын инвестиция кеңселери тарабынан кол коюлган келишим менен эки өлкөнүн ортосундагы өз ара инвестициялардын көбөйтүлүшү үчүн иш-аракеттердин жүргүзүлө турганы билдирилген. Бул келишимдин негизинде эки өлкө, эл аралык түздөн-түз инвестициялар тармагында кызматташуунун жаңы мезгилин баштаган болду. Келишим өз ара инвестицияларды көбөйтүү жана эки өлкөнүн компанияларынын үчүнчү өлкөлөрдө кызматташтык түзүүсүн да камтууда.

«Сабах» гезити «Стамбулда он миңдеген адамдар Палестина үчүн жүрүшкө чыгышты» аттуу кабарында террор мамлекети Израилдин; аялдар, балдар, кары-картаңдар, оорулуулар дебестен кыргын салганын жазган. Дүйнөнүн алдында геноцид кылып жаткан Израилге каршы 10-декабрь Адам укуктары күнүндө Стамбулда Палестина жүрүшү өттү. Бейөкмөт уюмдар «Киши өлтүргүч Израиль» сыяктуу ураандарды кыйкырышты.

«Йени шафак» гезити «Адамзатка каршы кылмыш катталды» аттуу маалыматында Израилдин Газадагы согуш кылмыштарын каттоо үчүн «Адамзатка каршы кылмыштарды каттоо демилгеси» түзүлгөнүн билдирген. Дүйнөнүн төрт бурчунан өнөрпоздор, жазуучулар жана журналисттер Газадагы кыргынды өз тармактарындагы эмгектери аркылуу түшүндүрүшөт. 30-декабрга чейин Стамбулдагы Рами китепканасында жыйнала турган эмгектер сайтта да жарыяланат.  

«Хабер түрк» гезити «1915 Чанаккале көпүрөсү үчүн сыйлык» аттуу кабарында Азия жана Европа континенттерин бириктирген 1915 Чанаккале көпүрөсү, дүйнөнүн эң мыкты инженердик долбоорлору бааланган, ENR (Engineering News-Record) журналынын калыстар тобу тарабынан жүргүзүлгөн жалпы баалоонун натыйжасында ENR Project of The Year/ Жылдын долбоору' сыйлыгына татыктуу деп табылганын жазган.



Тектеш кабарлар