Түрк басма сөзү 25.09.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2041568
Түрк басма сөзү 25.09.2023

«Хүррийет» гезити «Тордун султандары тайпаны жеңилбестен лидер катары бүтүрдү» аттуу кабарында волейбол боюнча Улуттар Лигасы жана Европа волейбол чемпиондугунда жеңишке жетишкен Түркиянын А улуттук кыздар командасы, Олимпиада тандоо оюндарынын В тайпасындагы акыркы беттешинде Бельгияны 3-0 эсебинде утуп алганын билдирген. Японияны жеңип Олимпиада визасын алган тордун султандары Бельгияны утуп тайпасын лидер катары бүтүрдү жана жеңиш сериясын 22 беттешке жеткирди.

«Стар» гезити «Терроризмге Чеңгел-Кулпу соккусу» аттуу маалыматында Түрк куралдуу күчтөрү Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясынын алкагында ушул убакка чейин 605 террористти жок кылганын билдирген. Десанттар операция аймагында террористтер колдонгон 670 үңкүр жана баш калкалоочу жайды жараксыз абалга келтирди.

«Йенишафак» гезити «Түрк коргоо өнөр жайы үчүн биринчи» аттуу кабарында Түркиянын деңиздеги укуктарын жана кызыкчылыктарын таасирдүү коргоо максатында ишке ашырылып жаткан «Деңиз кайгуул кемеси» долбоорунун алкагында курулуусу пландалган 10 кеменин алгачкы экөөсүнүн Стамбул верфинин командирлигинде курулуп жатканын билдирген. Эки кеменин мынчалык кыска убакыттын ичинде бир учурда сууга түшүрүлүшү түрк коргоо өнөр жайы үчүн биринчи болуп саналат.

«Сабах» гезити «Түркиянын биринчи ата мекендик жана улуттук айдоочусуз метросу рельсте» аттуу маалыматында Кожаэлиде 15,4 километр узундуктагы кош линия катары курулган Гебзе OSB (Уюшкан өнөр жай аймагы) - Дарыжа Сахил метро линиясы үчүн атайын иштелип чыккан биринчи ата мекендик жана улуттук айдоочусуз метросу азем менен рельстерге түшүрүлгөнүн билдирген.

«Хабертүрк» гезити «Стамбулга 8 айда 11,5 миллион турист келди» аттуу кабарында Маданият жана туризм министрлиги 2023-жылдын 8 айында Стамбулга келген чет элдик туристтердин санынын жылдык 13,20 пайызга өсүп 11 миллион 524 миң 246га жеткенин маалымдаганын жазган.



Тектеш кабарлар