Түрк басма сөзү 13.09.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2036593
Түрк басма сөзү 13.09.2023

«Хабер түрк» гезити «Эрдогандан жаңы конституция билдирүүсү» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркия кылымы идеясын ишке ашыруу үчүн жарандык, демократиялык, либералдык жана камтуучу жаңы конституция керек экенин айтканын билдирген. Эрдоган жаңы конституциянын үстүндө иштөө үчүн парламенттеги бардык топтор менен жолугуша тургандарын кабарлады.

«Сабах» гезити «Эрдоган Ливияга көңүл айтты» аттуу маалыматында президент Эрдогандын Ливиянын Президенттик кеңешинин төрагасы Мухаммед ал-Менфи менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жазган. Эрдоган Ливиядагы сел апаатынан улам Менфиге көңүл айтты.

«Йени Шафак» гезити «Израиль басма сөзү: Эрдоган бизге сабак берип жатат» аттуу кабарында Израилдин эң көп окулган гезиттеринин бири «Гаарецтин» баяндамачысы Зви Барелдин өз макаласында Түркия менен Израилди салыштырганын жазган. «Эрдоган Израилге либерализм сабагын берүүдө» темалуу макаласында адам укуктарына маани бербеген Тель-Авив башкаруусун катуу сындаган Зви Барел, Эрдогандын адам укуктарына болгон сезимталдыгынын болсо Израилге сабак мүнөзүндө экенин айтты.

«Стар» гезити «ЕБ: Түркия негизги өнөктөш бойдон калууда» аттуу маалыматында Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясынын коңшулук жана кеңейүү боюнча жооптуу мүчөсү Оливер Вархели: «Түркия менен болгон карым-катнашыбыз биз үчүн абдан маанилүү. Түркия талапкер өлкө, НАТОнун өнөктөшү, жакын коңшусу жана Жакынкы Чыгыш, Түштүк Кавказ жана Кара деңиз аймактарынын ырааттуулугу жана коопсуздугу үчүн негизги өнөктөш бойдон калууда»,- дегенин жазган.

«Хүррийет» гезити «ТКТРдин БУУга реакциясы» аттуу кабарында Кипрде өткөн айда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) көзөмөлүндөгү буфердик аймакта жайгашкан Пиле айылынын жол курулушунда БУУнун Тынчтык күчтөрүнүн аскерлери менен болгон чыңалуудан кийин бир күн мурда борбор шаар Левкошада экинчи чыңалуу болгонун билдирген. Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар: «БУУнун калыстыгына көлөкө түшүрдү»,- деди.



Тектеш кабарлар