Түрк басма сөзү 21.08.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2026973
Түрк басма сөзү 21.08.2023

«Ватан» гезити «Президент Эрдогандан орчундуу жолугушуулар» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ бир күндүк сапар менен барган Венгрияда премьер-министр Виктор Орбан менен эки тараптуу жолугушуу өткөргөнүн билдирген. Эрдоган Өзбекстандын президенти Мирзиёев жана Сербиянын президенти Александр Вучич менен да жолугушту.

«Хүррийет» гезити «Эрсин Татар: Эч кимдин жерине көз артпайбыз» аттуу маалыматында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын эгемендигиндеги жерлерге курулган Пиле-Йигитлер жолунун курулушуна байланыштуу: «Бул жолдун чоң бөлүгү Түндүк Кипрдин чек араларынын ичинде. Гуманитардык себептерден улам маанилүү, аскердик максат жок, биз өзүбүздүн эгемендүүлүгүбүздү коргойбуз. Эч кимдин жерине көз артпайбыз»,- дегенин жазган.

«Йенишафак» гезити «Немис басма сөзүнөн көңүлдү бурган талдоо» аттуу кабарында немис медиасы Түркия, Орусия жана Катардын бир айдан ашык убакыттан бери токтоп турган Кара деңиз дан коридору келишимине альтернатива даярдап жаткандарын билдиргенин баяндаган. Дан жеткирүүнүн демөөрчүлүгүн Катардын, келишимдин координациясын болсо Түркиянын мойнуна алаарын жазган гезиттин кабарына караганда бул үч өлкө жаңы келишимге даярдык көрүүдө.

«Стар» гезити «Министр Юмаклы: Түрк дүйнөсүнүн дарбазасы болот» аттуу маалыматында айыл чарба жана токой чарба министри Ибрахим Юмаклы Зангезур коридору тууралуу: «Буюрса бул дарбаза ачылганда Түрк дүйнөсүнө ачылган дарбаза катары соода жана маданий байланыштарыбыз дагы бир жолу бекемделген болот»,-дегенин жазган.

«Сабах» гезити «Тордун султандары жеңди» аттуу кабарында Түркиянын кыз-келиндерден куралган болейбол боюнча А улуттук командасы; 2023-жылкы CEV Европа чемпиондугунун экинчи беттешинде Азербайжанды 3-0 эсебинде жеңгенин билдирген. Улуттук курама биринчи беттешинде Швецияны да ушундай эле эсеп менен утуп алган.



Тектеш кабарлар