Түрк басма сөзү 4.08.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2020094
Түрк басма сөзү 4.08.2023

«Хабер түрк» гезити «Жаңы командирлик деңгээл жарыяланды» аттуу маалыматында  президент Режеп Таййип Эрдогандын Жогорку Аскердик Кеңештин чечимдерин бекиткенин маалымдаган. Буга ылайык Башкы штабдын төрагалыгына 2-армиянын командири генерал Метин Гүрак дайындалды. Башкы штабдын 2-төрагасы генерал Селчук Байрактароглу Кургактык күчтөрү командирлигине, согуштук аба күчтөрү командири генерал Зия Жемал Кадыоглу болсо Аба күчтөрү командирлигине дайындалды.

«Хүррийет» гезити «Экспортто июль айынын рекорду» деген кабарында Түркиянын экспорту июль айында 8,4 пайыз өсүп 20 миллиард 93 миллион долларга жеткенин маалымдаган. Ошентип тарыхтагы эң жогорку июль экспорттук наркына жетти.

«Ватан» гезити «Борбордук банктын жалпы резервдери көбөйдү» аттуу кабарында Түркия Республикасынын Борбордук банкы жумалык акча жана банк статистикасын жарыялаганын белгилеген. Буга ылайык Борбордук банктын жалпы резервдери 28-июлда аяктаган жумада 223 миллион долларга өсүп, 113 миллиард 774 миллион долларга жетти.

«Йени Шафак» гезити «Европа зайтун майында кризисти башынан кечирип жатканда, Түркия рекорддук өндүрүшкө шашууда» деген маалыматында климаттын өзгөрүшү жана жогорку температуранын терс таасиринен улам Европада зайтун жана зайтун майы өндүрүшүндө азаюу байкалса, Түркия жаңы сезонду көргөн чаралар жана кампасындагы өнүмдөрү менен рекорддор менен тосуп алууга даярданганын белгилеген.

«Стар» гезити «Англия Түркия менен сүйлөшүүлөрдү баштайт» аттуу маалыматында Англиянын Анкарадагы элчиси Жилл Моррис Түркия менен Улуу Британиянын жаңыланган Эркин соода келишими (FTA) үчүн сүйлөшүүлөрдү алдыдагы айларда баштаарын билдиргенин маалымдаган.



Тектеш кабарлар