Түрк басма сөзү 2.08.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2018986
Түрк басма сөзү 2.08.2023

«Сабах» гезити «Грек журналистинин моюнга алуусу» аттуу кабарында Түркия менен Грециянын ортосундагы континенталдык шельф маселеси тууралуу сөз сүйлөгөн грек журналисти Гиоргос Папахристос, Грециянын Эгей деңизин жалгыз өзүнүкүндөй эсептегенин айтып: «Эгей деңизи грек көлү эмес, Түркиянын да бул жерде экенин кабыл алмайынча жакшы коңшулук мамиледе боло албайбыз»,-дегенин жазган.

«Хабертүрк» гезити «Египет менен соода көлөмүн 15 миллиард долларга жеткирүү максат кылынууда» аттуу маалыматында Египеттин өнөр жай жана соода министри Ахмед Самир Салехти тосуп алган соода министри Өмер Болат Египет менен өз ара сооданы 5 жылдын ичинде 15 миллиард долларга жеткирүүнү максат кылгандарын айтканын билдирген.

«Йенишафак» гезити «Түрк профессорунун «Ачык сүрөттөө» технологиясы рак оорусуна жаңы чечимдерди алып келет» аттуу кабарында Германиянын Мюнхен университетинин ткандык инженерия жана регенеративдик медицина институтунун жетекчиси проф. др. Али Эртүрктүн бүткүл организмди даана кылып бир клетканы да болуп көрбөгөндөй так жана майда-чүйдөсүнө чейин көрсөткөн жаңы ойлоп табуусу, эң чоң рак изилдөө мекемелеринин бири болгон Cancer Research UK тарабынан рактын диагностикасы жана дарылоосунда жаңы доордун башталышы катары аныкталганын жазган.

«Стар» гезити «Стамбул аэропорту Европада жүк ташууда биринчи болду» аттуу маалыматында транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу Стамбул аэропортунун жылдын биринчи жарымында Европанын эң мыкты жүк ташуу кызматына ээ 10 аэропорттун арасында биринчи орунду ээлегенин айтканын билдирген.

«Хүррийет» гезити «Анталияга 2,6 миллион турист келди» аттуу кабарында Антальяга 1-январдан 31-июлга чейин аба жолу менен келген турист саны 8 миллион 184 миң 89 болгонун жазган. Бул көрсөткүч туризм жагынан бардык мезгилдердин эң мыкты алгачкы 7 айы катары катталды.



Тектеш кабарлар