Түрк басма сөзү 27.07.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2016583
Түрк басма сөзү 27.07.2023

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган Палестинанын мамлекет башчысы Аббас жана Хамастын лидери Хенийе менен жолугушту» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркияга расмий сапар менен келген Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас жана Хамастын лидери Хенийе менен кечээ Президенттик комплексте жолугушканын маалымдаган.

«Сабах» гезити «Эрдоган Кытайдын тышкы иштер министри Йини кабыл алды» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Кытайдын Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, Тышкы иштер борбордук комиссиясынын директору жана тышкы иштер министри Ван Йини кабыл алуусунда Түркия-Кытай карым-катнаштарынын бардык өңүттөн талкууланганы белгиленди.

«Стар» гезити «Тышкы иштер: БУУнун ыйык китептер боюнча чечимин кубаттайбыз» деген кабарында Тышкы иштер министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында ыйык китептерге зордук-зомбулук көрсөтүү эл аралык укукту бузуу катары таанылган жана мындай аракеттерди кескин айыптаган резолюция долбоорунун кабыл алынышын кубаттаганын жазган.

«Ватан» гезити «Түркия менен Тажикстандын ортосундагы аскердик финансылык кызматташтык келишими» аттуу кабарында эки тараптуу жолугушуулар орун алган Эл аралык коргоо өнөр жай жарманкесинде (IDEF) Түркия менен Тажикстандын ортосунда финансылык кызматташтык келишими жана акчалай жардамды ишке ашыруу протоколуна кол коюлганын белгилеген. Протоколго улуттук коргоо министри Яшар Гүлер менен Тажикстандын коргоо министри генерал Шерали Мирзо кол коюшту.

«Хүррийет» гезити «Өнөктөштүк келишими 100 миң кишиге жумуш ордун камсыздайт» деген макаласында Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) Түркиядагы элчиси Саид Сани эз-Захири 1-сентябрдан тарта күчүнө кирүүчү «Түркия-БАЭ Ар тараптуу экономикалык өнөктөштүк» келишими менен Түркияда 100 миң киши жумуш менен камсыз боло турганын айтканын баяндаган.



Тектеш кабарлар