Түрк басма сөзү 14.06.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1999293
Түрк басма сөзү 14.06.2023

«Хүррийет» гезити «Эрдоган: Түркиянын Нахчыван менен байланышы күчтөнөт» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Азербайжанда сүйлөгөн сөзүндө Зенгезур коридорунун Түркия-Азербайжан карым-катнаштарынын күчтөнүшүнө алып келе турганын айтканын жазган. Эрдоган: «Зенгезур темасын ылдам чечсек, бул бизге эки маанилүү кадамды берет. Автожол жана темир жол пунктунда таштала турган кадамдар менен Ыгдыр-Нахчыван байланыштары күчтөнөт»,-деди.

«Стар» гезити «Алиев: Түркия менен Азербайжан мындан кийин дагы тышкы саясатта орток позицияны карманат» аттуу маалыматында Азербайжандын президенти Илхам Алиев кечээки билдирүүсүндө: «Түркия менен Азербайжан мындан ары да тышкы саясатта орток позицияны карманат. Тышкы саясаттагы биргелешкен иш-аракеттерибиз аймак үчүн да чоң мааниге ээ. Аймактын өнүгүүсү, ырааттуулугу жана коопсуздугу жагынан Түркия-Азербайжан биримдиги абдан маанилүү»,-деди.

«Сабах» гезити «Немистер Togg заводуна суктанышты» аттуу кабарында Түркиянын ата мекендик жана улуттук долбоору Togg Германиянын басма сөз кызматкерлери тарабынан Бурса Гемликтеги Технология кампусунда каралып чыкканын жазган. Олуттуу өндүрүштүк ишкана катары иштеп жаткан Gemlik объекти немистердин көңүл чордонунда болду.

«Йени Шафак» гезити «THY Teknik менен Emiratesтин ортосунда учактарды тейлөө келишими» аттуу маалыматында Түрк аба жолдорунун (THY) Teknik аукционердик команиясы, Бириккен Араб Эмираттарында жайгашкан авиакомпания Emirates менен флотундагы 17 Boeing 777 учагына базалык тейлөө кызматын көрсөтүү боюнча келишимге кол койгонун билдирген.  

«Хабер түрк» гезити «Апрель айынын тышкы соода индекси жарыяланды» аттуу кабарында Түркиянын статистика мекемеси апрель айынын тышкы соода индекстерин жарыялаганын жазган. Буга ылайык экспорт бирдик нарк индекси апрель айында өткөн жылдын тийиштүү айына караганда 1,1 пайызга өстү.



Тектеш кабарлар