Түрк басма сөзү 05.06.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1995345
Түрк басма сөзү 05.06.2023

«Хабер түрк» гезити «Столтенберг, Түркиянын мыйзамдуу тынчсыздануусун билебиз» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен Стамбулдагы Долмабахче сарайында жолугушканын жазган. Столтенберг жолугушууга байланыштуу: «Түркиянын мыйзамдуу коопсуздук маселелерин талкууладык. Швеция Түркиянын тынчсыздануусун жоюу үчүн кадам таштады»,-деди. Столтенберг Швеция, Түркия жана НАТОнун 12-июнда жолугуша турганын билдирди.

«Стар» гезити «Дүйнөдөн Хакан Фиданга куттуктоолор жаады» аттуу маалыматында жаңы тышкы иштер министри Хакан Фиданга дүйнөнүн көптөгөн аймактарынан куттуктоо сөздөрү түшө баштаганын билдирген. Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян, Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов, Франциянын тышкы иштер министри Кэтрин Колонна, Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба, Эстониянын тышкы иштер министри Маргус Цахкна, Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем, Кубанын тышкы иштер министри Бруно Родригес Фиданды социалдык медиа баракчаларынан куттуктап, жаны ишинде ийгиликтерди каалашты.

«Стар» гезити «Хакан Фидан грек басма сөзүндө» аттуу кабарында Хакан Фидандын тышкы иштер министри болуп дайындалышынын Грецияда кеңири чагылдырылганын жазган. Фидандын абдан акылдуу бир дипломат экенин белгилеген грек басма сөзү: "Фидан Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка жана Кавказ сыяктуу дипломатиянын өтө орчундуу тармактарында сүйлөшүүчү болгон. Акыркы жолу Египетте бир кыйла татаал ишти колго алып, жыйынтыгында эшикти ачууга жетишти",-деп билдирди. 

«Хүррийет» гезити «Экономикада жаңы мезгил» аттуу кабарында казына жана каржы министри Мехмет Шимшектин бул милдетти азем менен Нуреддин Небатиден өткөрүп алганын жазган. Мехмет Шимшек: «Өкмөтүбүздүн негизги максаты – социалдык жыргалчылыкты жогорулатуу. Алдыдагы мезгилде айкындуулук, ырааттуулук, алдын ала айтуу жана эл аралык нормаларга ылайык келүү бул максатка жетүүдөгү биздин негизги принциптерибиз болот»,-деди.

«Йени Шафак» гезити: «Түрк армиясы Косоводогу тең салмактуулукту коргойт» аттуу кабарында Косовонун түндүгүндө албандар менен сербдердин ортосунда тирешүү күчөгөн маалда түрк армиясынын НАТОнун Косово күчтөрүнүн (KFOR) курамында өлкөгө десанттык батальонун жөнөткөнүн билдирген. Косоволук серепчи доктор Мехмет Калиси Сербиянын президенти Александр Вучичтин президент Эрдогандан түрк бөлүгүн сураган болушу мүмкүн экенин, анткени эки тараптын тең Түркияга ишенгенин айтты.



Тектеш кабарлар