Түрк басма сөзү 08.05.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2136680
Түрк басма сөзү 08.05.2024

«Стар» гезити «Президент Эрдогандын сөздөрү грек басылмаларында» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын мурдагы күнү Кабинет жыйынынан кийин жарыялаган Греция менен карым-катнаштарга байланыштуу билдирүүлөрү грек басма сөзүндө кеңири орун алганын жазган. Оң билдирүүгө көңүлдөрдү бурген грек басма сөзү, президент Эрдогандын акыркы билдирүүсүнүн Грецияга карата достук ишаратынан да башкача мааниге ээ болгонун жазып чыкты.

«Хүррийет» гезити «Гара аймагында 2 террорист абадан операция менен жок кылынды» аттуу маалыматында Улуттук Коргоо министрлигинин кечээки билдирүүсүндө, Ирактын түндүгүндөгү Гара аймагында аныкталган 2 ПКК террористтинин абадан операция менен таасирсиз кылынгандыгынын айтылганын жазган.

«Йени шафак» гезити «Экинчи түрк астронавты учууга даярданууда» аттуу кабарында өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр астронавт Тува Жихангир Атасевердин космостук саякатына байланыштуу билдирүү жасаганын жазган. Кажыр: «Астронавтыбыздын суборбиталдык изилдөө учуусу 2024-жылдын 8-июнунда АКШнын Нью-Мексико штатындагы Космос портунун имараттарынан ишке ашат»,-деди.

«Ватан» гезити «Түркияда круиздик туризм өсүүдө» аттуу маалыматында круиздик туризмде январь, февраль жана март айларында 50 кеме менен Түркияга 61 миң 113 жүргүнчүнүн келгенин билдирген. Жылдын 3 айында эң көп круиздик кемелер жана жүргүнчүлөр келген порт Кушадасы болду.

«Сабах» гезити «Түркияда 54 облустун экспорту өстү» аттуу кабарында Соода министрлигинин көрсөткүчтөрүнө караганда, январь-апрель айларында 17 облустун 1 миллиард доллардан ашык экспортту ишке ашырганын жазган. Экспорт 54 облуста да өстү. Стамбул апрель айында 4 миллиард 75 миллион доллар менен эң көп экспорт кылган облус болду.



Тектеш кабарлар