Түрк басма сөзү 12.05.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1985627
Түрк басма сөзү 12.05.2023

«Хүррйиет» гезити «Мухаррем Инже талапкерликтен баш тартты» деген кабарында Мекен партиясынын лидери Мухаррем Инженин президенттикке талапкерликтен баш тарткандыгын билдирген.

«Хабер түрк» гезити ««Дан демилгеси» Түркиянын үй ээлигинде болот» деп жазып,  Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта Дан демилгесинин Түркиянын үй ээлигинде жана төрттүк форматта иш-аракеттерин эффективдүү улантуусу үчүн иш алып баруу боюнча макулдашкандарын белгилеген.

«Йени шафак» гезити «АКШнын Сирия боюнча мурдагы атайын өкүлү Жеффриден Улуттук Чалгындоо Уюмуна мактоо» деген маалыматында АКШнын Сирия боюнча мурдагы атайын өкүлү Жеймс Жеффринин ДЕАШтын корбашысы Эбу Хасан ел  -  Хашими ел  -  Курейшинин Улуттук Чалгындоо Уюмунун операциясында жок кылынгандыгына байланыштуу түрк чалгындоосунун абдан чоң иш жасаганын айткандыгын белгилеген.

«Сабах» гезити «Түркия кеңейген  БРИКСтын бир бөлүгү болот» деп билдирип, глобалдык базарларда БРИКС (Бразилия, Орусия, Индия, Кытай, Түштүк Африка) аббревиатурасынын ойлоп табуучусу катары таанылган англиялык экономист Жим О'Нил Түркиянын кеңейип жаткан БРИКСтин бир бөлүгү боло ала турган экономика экенин белгилегенин кабарлаган.

«Стар» гезити «Россиядан Түркияга талап келип жатат» деген макаласында Россиянын алдыңкы е -  соода платформасы Ozon Globalдын директору Стефан Гусамовдун «Түрк бренддери жана өндүрүүчүлөрү, Россияда барган сайын популярдуулукка ээ болууда.  Озондогу буюртмалардын кыймылдуулугу күчөп баратат, 2022 – жылы орус кардарлар 2021 -  жылга караганда түрк продукцияларына карата буюртмаларын 14 эсе көбөйттү»,- дегенин маалымдаган.

 



Тектеш кабарлар