Түрк басма сөзү 29.03.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1966489
Түрк басма сөзү 29.03.2023

«Хүррийет» гезити «АКШ медиасы: Түркия рекорд койду» аттуу кабарында Түркиянын ылдам өнүгүп жаткан коргоо өнөр жайы дүйнөдө көңүл бурууну улантып жатканын жазган. Америкалык CNBC телеканалында жарыяланган макалада Түркиянын экспорт рекордуна басым жасалып, «Президент Режеп Таййип Эрдогандын жергиликтүү фирмаларга мамлекеттик күчтүү инвестициясын уланткан жыйырма жылдык долбоору өз жемишин бере баштады»,-деп айтылды.

«Сабах» гезити «Хүржет дымактуу келе жатат» аттуу маалыматында Түркиянын биринчи реактивдүү учагы HÜRJETтин жакында асманга көтөрүлө турганын кабарлаган. Коргоо өнөр жайынын төрагасы Исмаил Демир Хүржет ангарында жарыялаган билдирүүсүндө Хүржет үчүн бир нече сыноо учуусунун калганын белгиледи.

«Йени Шафак» гезити «Түркия жаңы кадам таштады: капитансыз деңиз аппараты Марлинден башкарылуучу ракета учурулду» аттуу кабарында Түркия өндүргөн капитансыз суу үстүндө жүрүүчү аппараты MARLINден Кузгун круиздик ракетасынын атылганын жазган. Ушундайча SİDAдан (куралдуу пилотсуз деңиз аппаратынан) биринчи жолу башкарылган ок-дарылар атылган болду.

«Хабер түрк» гезити «Түркиянын 2 айлык бал экспорту 6,5 миллион доллар болду» аттуу маалыматында Түркиядан январь-февраль айларында бал экспорту 6 миллион 485 миң 105 долларга жеткенин билдирген. Бал эң көп экспорт кылынган өлкөлөр АКШ, Израиль жана Германия болду.

«Стар» гезити «Коңшудан Түркия билдирүүсү» аттуу кабарында Грециянын тышкы иштер министринин Экономикалык дипломатия боюнча орун басары Костас Франгояннистин, Түркия менен Грециянын ортосундагы «позитивдүү күн тартибинин» алкагында кызматташтыкка карай жылыш болгонун айтканын жазган.



Тектеш кабарлар