Түрк басма сөзү 27.03.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1965361
Түрк басма сөзү 27.03.2023

«Стар» гезити «Эрдоган: Биздин максат жер титирөө болгон аймакты бир жылдын ичинде калыбына келтирүү» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын: «Максатыбыз 1 жылдын ичинде жалпы 650 миң турак жайды куруп, жер титирөө болгон аймакты калыбына келтирүү»,-дегенин жазган.

«Хабер түрк» гезити «Эрдогандан биримдик билдирүүсү» аттуу маалыматында президент Эрдогандын, акыркы жер титирөө апаатында улуттун биримдик, ынтымак жана бир туугандык касиеттеринин канчалык күчтүү экендигин дагы бир жолу көргөндөрүн баса белгилегенин жазган. Эрдоган: «Биз эл аралык жардамдарды, өзгөчө дос жана боордош өлкөлөрдү эч качан унутпайбыз»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Министр Курум: Урбанизацияда жаңы ийгилик жаратабыз» аттуу кабарында айлана-чөйрө, шаар куруу жана климаттын өзгөрүшү министри Мурат Курум: «Жер титирөө болгон аймакта ушул убакка чейин 53 миң 830 үйдүн курулуш процессин баштадык. Анын 22 миң 467синин пайдубалын түптөдүк. Калыбына келтирүү жана курулуш процессибиз менен 11 облусубузда жаңы ийгилик жарабыз» дегенин билдирген.

«Йени Шафак» гезити «Чавушоглу менен Гутерриш телефондо сүйлөштү» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөнүн жазган. Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда Чавушоглу менен Гутерриш «нөл калдык» демилгеси жана Стамбул дан келишимин талкуулашты.

«Ватан» гезити «Дин иштери башкармалыгынын төрагасы Эрбаштан даниялыктарга чакыруу» аттуу кабарында Дин иштери башкармалыгынын төрагасы Али Эрбаш Данияда Куран жана түрк желегине жасалган кол салууга байланыштуу даниялыктарга чакырык салганын билдирген. Али Эрбаш, «Эй даниялыктар; көптөгөн адамдар Курандын негизинде жамандыктан алыстап жакшылардан болушту. Түрк желеги да түсүн ал үчүн шейит болгондордун канынан алды. Келгиле, Куран китебин окуп жана түрк желегин таанып, араңардагы жамандарга эң чоң жоопту бергиле»,- деди.



Тектеш кабарлар