Түрк басма сөзү 23.03.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1963848
Түрк басма сөзү 23.03.2023

«Хабертүрк» гезити «Эрдоган: Түркиянын дан коридорундагы ийгилиги ар кимдин оозунда» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Кара деңиз дан коридору келишими тууралуу жеке менчик телеканалга : «Орусия-Украина согушунда ортомчу өлкө катары көрсөтүлгөн жалгыз өлкө Түркия, бул темада дүйнөдө буга чейин эле кабыл алынганбыз. Түркиянын Кара деңиз дан коридору маселесиндеги ийгилиги бардыгынын оозунда»,-деп айтканын баяндаган.

«Стар» гезити «Түркиядан Израилге айыптоо» деген кабарында Тышкы иштер министрлиги Израилдин Газа тилкесинен чыгышы жана Батыш Шериадагы кээ бир мыйзамсыз отурукташуу жерлеринин эвакуацияланышына байланыштуу мыйзамды жоюуну көздөгөн өзгөртүү киргизүүсүн айыптаганын белгилеген.

«Сабах» гезити «Түрк деңиз флотунун күч-кубатына күч кошот» аттуу кабарында Түрк коргонуу өнөр жайынын алдыңкы фирмаларынан АСЕЛСАН, суу астындагы коргонуу системалары боюнча тажрыйбасы менен Түрк деңиз күчтөрү үчүн суу астындагы бутасына үнсүз жакындаган «автономдуу суу астындагы аппаратты» иштеп чыкканын маалымдаган.

«Хүррийет» гезити «Стамбул аэропорту 3-жолу катары менен «Жылдын аэропорту» сыйлыгын алды» деген кабарында Стамбул аэропорту дүйнөлүк авиация тармагынын алдыңкы басылмаларынын арасында көрсөтүлгөн «Аба транспорту сыйлыктарында» 2021 жана 2022-жылдан кийин быйыл да «Жылдын аэропорту» болуп тандалганын жазган.

«Йени шафак» гезити «Месут Өзил футболду таштаганын жарыялады» аттуу кабарында 2021-жылы Англиянын Премьер-Лига командасы Арсеналдан Фенербахчеге которулган жана акыркы жолу Медипол Башакшехирде ойногон Месут Өзил активдүү футболдук карьерасын аяктаганын маалымдаган.



Тектеш кабарлар