Түрк басма сөзү 17.03.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1961183
Түрк басма сөзү 17.03.2023

«Хабер түрк» гезити «АК партия менен Улуттук Кыймыл партиясынын президентикке талапкери Эрдоган» деген кабарында Түркия Улуу Улуттук Парламентиндеги Адилеттик жана өнүгүү партиясы (АК партия) менен Улуттук кыймыл партиясынын (MHP) фракциясы Режеп Таййип Эрдогандын президенттикке талапкер катары көрсөтүлүшүнө байланыштуу фракциялык чечим чыгарышкандыгын жазган.

«Хүррйиет» гезити  «Эрдоган: Элибиз түрк мамлекеттеринин колдоосун унутпайт» деп жазып, президент Эрдогандын Түрк мамлекеттер уюмунун кезексиз саммитинде түрк дүйнөсүнүн лидерлерине кайрылып, 6-февралдагы жер титирөөдө биринчилерден болуп түрк дүйнөсү жардам бергенин белгилеген Эрдоган: «Элибиз сиздердин колдооңуздарды эч качан унутпайт»,-дегенин белгилеген.

«Стар» гезити «Эрдоган : Путин менен Зеленскийди сүйлөшүүгө кайтарууга аракет кылып жатабыз» деген макаласында президент Эрдогандын орус жана украин тараптарын кайрадан сүйлөшүүгө алып келүү үчүн аракеттерин акырына чейин уланта тургандарын айтканын кабарлаган. Россиянын президенти Владимир Путин жана Украинанын президенти Владимир Зеленский менен үзгүлтүксүз байланышта болгондорун баса белгилеген Эрдоган: «Биз ортомчулук кылган Кара деңиз дан келишими жана кеңири туткун алмашуу тараптардын орток пикирде жолугуша аларын көрсөттү»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Алиев : Түркия дүйнөдө сөзү өтүмдүү өлкө» деп билдирип, Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Түрк Мамлекеттери Уюмунун кезексиз саммитинде билдирүү жасап, Түркиянын аймакта гана эмес, бүтүндөй дүйнөдө көрүнүктүү өлкөгө айланганын, ошондой эле күчтүн борбору болгондугун айтканын маалымдаган.

«Сабах» гезити «Тогг атаандаштарын артта калтырды» деген маалыматында Түркиянын электрдүү автомобили Тоггдун биринчи модели T10X, C-SUV, Кытай, Түштүк Корея жана европалык маркалар да араларында болгон моделдер менен бирге сегментиндеги башка электр унааларынан ашып өткөндүгүн, Togg T10X кабинасындагы экрандан акылдуу үй шаймандарын, саякаттарды пландаштырууну жана онлайн сатып алууну башкарууга да болорун жазган.



Тектеш кабарлар