Түрк басма сөзү 1.03.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1952923
Түрк басма сөзү 1.03.2023

«Хүррийет» гезити «Эрдоган: 309 миң үйдүн курулушун баштайбыз» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын, Кахраманмараштын Элбистан жана Малатьянын Доганшехир райондорунда жер титирөөдөн жабыркаган менен жолугушканын билдирген. Эрдоган: «Март жана апрель айларында жер титирөө болгон аймакта 309 миң үйдүн курулушун баштайбыз»,-деди.

«Стар» гезити «Үйлөрдүн курулуш процесси башталды» аттуу маалыматында айлана-чөйрөнү коргоо, шаар куруу жана климаттын өзгөрүүсү боюнча министри Мурат Курум: «Бардык облустардагыдай жер титирөөдөн жабыркаган Хатайда да биринчи кезекте жаңы отурукташуу жерлерине Аманос тоосунун этектерине имараттарды курабыз. Үйлөрдү туура жерге куруу үчүн аракет кылып жатабыз»,-дегенин жазган. Министр Курум 2 миң 212 турак жайдын курулуш процессинин башталганын билдирди.

«Йени шафак» гезити «Франциялык топ: Эч бир өлкө мындай кырсыкка даяр боло албайт» аттуу кабарында Франциядан келген издөө-куткаруу тобунун жетекчиси Эрик Зиппер жер титирөөнүн кыйроосун «апаат» деп сыпаттаганын жазган. «Эч бир өлкө мындай кырсыкка даяр боло албайт», - деген Зиппер «Мен болгон аймакта Түркиянын мекемелери, бирикмелери жана бейөкмөт уюмдары колунан келгендин баарын жасады»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Түркиянын экономикасы 2022-жылы 5,6 пайызга өстү» аттуу маалыматында Түркиянын экономикасы өткөн жылы 5,6 пайыз, 2022-жылдын акыркы чейрегинде 3,5 пайызга өскөнүн билдирген. 2021-жылы 9 миң 539 доллар болгон киши башына түшкөн киреше 2022-жылы 10 миң 655 долларга өстү.

«Сабах» гезити «Экономисттер өсүү көрсөткүчтөрүн баалашты» аттуу кабарында экономист Халук Бүрүмжекчи түрк экономикасынын күтүлгөндөн жогору өсүшүнө байланыштуу: «Жеке инвестициянын көрсөткүчү болгон машина-жабдуу инвестициялары акыркы 13 чейректен бери катары менен өстү»,-дегенин жазган. Пири Реис университетинин проректору проф. др. Эрхан Асланоглу да өсүштүн локомотивинин акыркы жылдардагыдай ички суроо-талап менен болууну улантып жатканын айтты.



Тектеш кабарлар