Түрк басма сөзү 16.05.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2140228
Түрк басма сөзү 16.05.2024

 

«Йени шафак» гезити «Эрдоган: Хамас Газада Анадолунун алдыңкы фронтун коргоп жатат» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын (АК партия) кечээки фракциялык жыйынында Хамас тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасаганын жазган. Президент Эрдоган: «Израиль Газада токтойт деп ойлобогула. Бул оолуккан мамлекет токтотулбаса, алар «Убада кылынган жер» адашуусу менен эртеби-кечпи Анадолуга көз артат. Хамас Газада Анадолунун алдыңкы фронтун коргоп жатат. Муну көрбөгүдөй сокурсуңарбы?»,-деп айтты.

«Сабах» гезити  «Министр Фидан Блинкен менен сүйлөштү» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Хакан Фидандын АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн маалымдаган. Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Фидан Блинкен менен болгон сүйлөшүүсүндө Израилдин Рефахка кол салуусунун кабыл алынгыс экенин билдирди.

«Хүррийет» гезити «Министр Шимшек: Евробиримдик менен карым-катнаштарды жандандырып жатабыз» аттуу кабарында казына жана каржы министри Мехмет Шимшектин кечээки билдирүүсүндө: «Европа Биримдиги менен карым-катнашыбызды жандандырып жатабыз, бул максатта кечээ Брюсселде маанилүү жолугушууларды өткөрдүк»,-деп билдирүү жасаганын баяндаган.

«Стар» гезити «Фитчтен Түркиянын таң калтырган билдирүү» деген кабарында кредиттик рейтинг агенттиги Fitch Түркиянын карыз капиталы базарлары абалы жакшырган инвесторлордун ишеними менен жогорулаганынын билдиргенин маалымдаган.

«Хабер түрк» гезити «Ризе-Артвин аэропортунда 2 жылда 2 миллионго жакын жүргүнчү катталды» аттуу кабарында транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглунун кечээги билдирүүсүндө Ризе-Артвин аэропортун 2022-жылдын 14-майында ачылгандан бери 1 миллион 927 миң 680 жүргүнчү колдонгонун айтканын баяндаган.



Тектеш кабарлар