Түрук  басма сөзү  13.01.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1932113
Түрук  басма сөзү  13.01.2023

«Хабер түрк» гезити «Түркия илимдин, технологиянын өндүрүштүн маанилүү борборлорунун бири болду» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдоган ташталган кадамдар менен Түркиянын илимдин, технологиянын, өндүрүштүн маанилүү борборлорунун бири болгондугун белгилегенин жазган. Эрдоган колдорундагы мүмкүнчүлүктөрдү жана  ресурстарды адамзаттын кызматына суна турган түшүнүк менен кызмат кылышарын баса белгиледи.

«Хүррийет» гезити «Дагы Швеция, дагы чыр  - чатак» деп билдирип, Швецияда жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГны колдогон бир топ провокация жасап, президент Эрдоган менен Түркияны бутага алгандыгын кабарлаган. Түрк саясатчылары окуяны айыптап, НАТОго кирүүнү каалаган Швециядан террорго каршы күрөшүү тууралуу берген убадаларына баш ийип жана жооптуулар тууралуу тууралуу зарыл болгон нерсени  аткаруусун талап кылышты.

«Сабах» гезити «Швециянын элчиси Тышкы иштер министрлигине чакырылды» деген маалыматында Тышкы иштер министрлигине чакырылган Швециянын Анкара элчиси Стаффан Херстремге өлкөсүнүн борбор шаары Стокгольмдо ПКК тарапкерлеринин президент Эрдоганды бутага алган пропагандасына Түркиянын реакциясын билдиргендигин жазган. Херстремге Түркиянын бул кылмыштын аткаруучулары аныкталып, керектүү чаралардын көрүлүшү жана Швециянын убадаларын орундатуусу тууралуу күтүүлөрү да билдирилди.

«Ватан» гезити «Спикер Шентоптон Швеция чечими» деп жазып, Стокгольмдо президент Эрдоган менен Түркияны бутага алган ПКК/ЙПГ террордук кыймылына жооп иретинде Швеция парламентинин спикери Андреас Норлендин 17-январда Түркияга пландалган расмий сапары парламент спикери Мустафа Шентоп тарабынан токтотулгандыгын маалымдаган.

«Стар» гезити «Ливия Түркия менен келишимине баш ийет» деген макаласында Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Ливия өкмөтүнүн көмүр  -  суутек келишиминин аркасында экендигин Түркияга билдиргенин  айтканын белгиледи. Триполидеги Апелляциялык сот Ливия өкмөтү менен Анкаранын ортосунда мунай жана газ чалгындоо боюнча кол коюлган энергетика келишимин убактылуу токтоткон болчу.  Түркия  Ливияда козголоңчу Хафтер башкаруусун эмес, БУУму да мыйзамдуу деп эсептеген Ливия Улуттук Биримдик Өкмөтүн тааныйт.



Тектеш кабарлар