Түрк басма сөзү 12.01.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1931639
Түрк басма сөзү 12.01.2023

«Сабах» гезити: «Президент Эрдогандын Батышка каршылык көрсөтүүсү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган кечээ борбор шаар Анкарада жасаган билдирүүсүндө, террор менен күрөшүүдө эки жүздүүлүк көрсөткөн Батышты сынга алып: «Түркиянын террор менен күрөшүн көрмөксөнгө салып тургандар чындыкты көрүшөт. Алар Европада терроризмдин уясын колдогондорго каршы чараларды көрүүдө кечиккен сайын коркунуч  дагы чоңоюп кооптуу абалга келет»,-деп айтканын баяндаган.

«Хабер түрк» гезити «Шентоптон принц Гарриге каршы чыгуу» аттуу кабарында Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Мустафа Шентоп Британиянын королдук үй-бүлөсүнөн кеткен принц Гарринин автобиографиялык китебинде Ооганстанда 25 кишини өлтүргөн деген билдирүүсүнө каршы чыкканын жазган. Шентоп принц Гарринин билдирүүлөрүнүн бир гана ак европалыктардын пикири эмес, ошондой эле бир маданиятты, мамилени жана түшүнүктү билдиргенин баса белгиледи.

«Хүрриет» гезити «Караисмаилоглу: Аэропортторубузда 182 миллион 334 миң жүргүнчүнү тосуп алдык» деген кабарында транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу 2022-жылы аэропорттордо тейленген жүргүнчүлөрдүн саны өткөн жылга салыштырмалуу 42,1 пайызга өсүп 182 миллион 334 миңге жеткенин айтканын маалымдаган.

«Ватан» гезити «Дүйнө гиганты Түркияга келет» аттуу кабарында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанктын америкалык электр унаа өндүрүүчүсү Тесла түрк базарына кирүүнү каалап жатканын жана бул боюнча иштердин уланып жатканын билдиргенин маалымдаган.

«Йени шафак» гезити «47 өлкөгө 1 миллиард доллардан ашуун экспорт» деген маалыматында Түркия 1 миллиард доллардан ашык экспорт кылган өлкөлөрдүн саны өткөн жылы 43төн 47ге өссө, Германия, АКШ жана Улуу Британия алдыңкы үч орунду ээлегенин жазган.



Тектеш кабарлар