Түрк басма сөзү  20.12.2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1921026
Түрк басма сөзү  20.12.2022

«Хабер түрк» гезити  «Эрдогандан аялдарга Түркия кылымы тууралуу билдирүү» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын аялдардын бардык тармакта кыялына жетишине өзгөчө маани беришкендерин айткандыгын кабарлаган. Аял демигечилерге карата колдоо пакети тууралуу билдирген Эрдоган : «Аялдарыбыз акыркы 20 жылда ишке ашырган реформаларыбыз менен бирге өлкөбүздүн демократия жана өнүгүү жылыштарына  салым кошушту. Сиздер менен Түркиянын кылымын курабыз»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Түркиянын калкынын саны 65 миң 911 кишиге көбөйдү» деген макаласында Түркиянын калкынын саны 2021 -  жылы өткөн жылга караганда  1 миллион 65 миң 911 кишиге көбөйүп 84 миллион 680 миң 273 кишиге жеткендигин белгилеген. Эркектердин саны 2021 -  жылы 42 миллион 428 миң 101, аялдардын саны 42 миллион 252 миң 172 болду. Өлкөдө 2021 – жылы төрөлгөн ымыркайларга берилген  ысымдар иликтенгенде эркектерде Юсуф, кыздарда Зейнеп ысымы биринчи орунду алды.

«Стар» гезити "Түркиянын жаңы мунай шаары" деп жазып, террордон тазаланган Шырнактын Габар тоосунун этегиндеги мунай кенинде 5 скважинадан күнүнө 5 миң 300 баррель мунай чыгарылып жаткандыгын билдирген. 12 скважинанын да  өндүрүшкө өтүүсү менен кенден күнүнө 25 миң баррель мунай өндүрүлөт. Эксперттер кордун 150 миллион баррелин казып алууга болорун белгилешүүдө.

«Сабах» гезити «Түркия таштандысыз кыймылдын лидери» деген маалыматында президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтундун Түркиянын климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү темасында эл аралык аренада жасалган бардык аракеттерге оң салым кошконун белгилегендигин жазган. Алтун Түркиянын глобалдык таштанды кыймылынын лидери экенин айтты.

«Хүррийет» гезити «Биржа Стамбул тарыхый рекордун жаңылады» деп билдирип, Биржа Стамбул 100 индекси кечээ жуманын биринчи жумуш күнүн 1, 08 пайыздык катнашта жогорулоо менен баштап, индекс ачылышта 56, 32 пайыздык өсүү менен 5 миң 270 балл болгонун маалымдаган. Биржа Стамбул  100 индексинен кийин Банк индекси менен бирге көтөрүлүүнү улантып, тарыхый рекорд деңгээлин 5 миң 362 баллга жеткирди.



Тектеш кабарлар