Түрк басма сөзү 16.12.2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1919701
Түрк басма сөзү 16.12.2022

«Йени шафак» гезити «Эрдоган : Германия террордук уюмдардын баш калкалоочу жери» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын козголоң кыймылдарына каршы Германиядагы абалды эң жакшы түшүнө турган өлкөнүн Түркия  экендигин бирок ошол эле түшүнүктү Германиядан көрүшпөгөндөрүн айтканын жазган. Эрдоган : «Германия террордук уюмдардын Европадагы маанилүү баш калкалоочу жери»,- деди.

«Ватан» гезити «Эрдоган : Бореллдин планы бузулду» деп билдирип, президент Эрдогандын Европа Биримдигинин тышкы карым  - катнаштар боюнча жогорку өкүлү Жосеп Бореллдин Түркиянын Россияга карата санкцияларга баш ийиши керектиги тууралуу билдирүүсүнө каршылык көрсөткөндүгүн жазган.  Европанын алган дандардын 44 пайызынын Кара деңиз аркылуу Түркиянын жардамы менен баргандыгын белгилеген Эрдогандын Россия жана Түркиянын дандарды аз өнүккөн өлкөлөргө акысыз жиберүү оюнун Бореллдин планын бузган болуш керек экендигин айтканын билдирген.

«Хүррийет» гезити «Чавушоглу ПКК тууралуу Белгияга каршылык көрсөттү»  деген маалыматында тышкы иштер министри Мелүт Чавушоглунун Бельгиянын тышкы иштер министри Хаджа Лахбиб менен бирге өткөргөн маалымат жыйынында ПККнын Бельгияда уюштурган митингдерине көңүлдөрдү буруп : «Элчилигибиздин алдында терродун башчыларынын портреттери менен митинг өткөрүлдү. Бельгияда  ДЕАШ кандай болсо ПККда ошондой. Сиздерден күтүүбүз Бельгияда ПКК уюмдарына  чара көрүп жана күрөшүүңүздөр»,- дегенин маалымдаган.

«Хабер түрк» гезити «Путин : Түркиянын жаратылыш газ инфраструктурасынын маанилүү потенциалы бар» деп жазып, Россиянын президенти Владимир Путиндин :«Түркиянын жаратылыш газ инфраструктурасынын маанилүү потенциалы бар. Курула турган жаратылыш газ борборунда соода үчүн электрондук платформа  түзүлүшү мүмкүн»,- деп билдиргендигин белгилеген. Путин европалык керектөөчүлөр үчүн жаратылыш газ баасынын чоң катнашта (Түркиядагы) борбордо белгиленерин билдирди.

«Стар» гезити «Кызылелма дүйнөнүн күн тартибинде» деген макаласында түрк авиация тарыхынын негизги элементеринин бири болгон  алгачкы учкучсуз учуучу аскердик учагы Байрактар Кызылелманын биринчи жолу учушу дүйнөлүк басма сөздө кенен орун алганын  кабарлаган. АКШдан Кытайга, Египеттен Грецияга чейин бир топ өлкөнүн медиасы бул тууралуу жазып чыгышты.



Тектеш кабарлар