Түрк басма сөзү 1.12.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1913295
Түрк басма сөзү 1.12.2022

«Хүррийет» гезити «Эрдоган, Түркия экономикалык өсүш боюнча рекорд жаңыртат» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган баштаган «Түркия кылымы» программасы менен Түркия Республикасынын негизделгенинин 100 жылдыгы болгон 2023-жылга чоң кыялдар жана толкундануу менен кирише тургандарын айтканын маалымдаган. Түркиянын 2022-жылдын үчүнчү чейрегинде 3,9 өскөнүн белгилеген Эрдоган: «2022-жылды рекорддук өсүү менен жаап, 2023-жылга жакшы башталыш жасайбыз деп үмүттөнөбүз»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Чавушоглудан операция билдирүүсү» аттуу кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга каршы мүмкүн болгон кургактык операциясына бөгөт болуу аракеттери бар экенин белгилеп: «Керектүү жоопту бердик, НАТО союздаштарынан колдоо күтөбүз»,-деп айтканын баяндаган.

«Сабах» гезити «Акар: Операцияларда жалгыз бута террористтер» деген кабарында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын АКШнын коргоо министри Ллойд Жеймс Остин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жазган. Министр Акар Сириянын түндүгүндө өзүн-өзү коргоонун алкагында террордук операциялар жүргүзүлгөнүн белгиледи. ДЕАШ жана башка бардык террордук уюмдарга каршы кызматташууга даяр экендиктерин билдирген Акар операцияларда бир гана бутанын террористтер экенин белгиледи.

«Йени шафак» гезити «Орусиядан ПКК/ЙПГга: Чегиниңиз, болбосо түрктөр токтобойт» аттуу кабарында Сирияда бурчта калган ПКК/ЙПГ Орусия жана АКШ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын маалымдаган. Орусиянын Сириядагы күчтөрүнүн командири Александр Чайко Түркияны токтотуунун жалгыз жолунун ПКК/ЙПГнын Кобани (Айнелараб), Манбиж жана Тел Рыфаттан чыгып кетиши экенин айтты. Чайко ЙПГ/ПККга, «Түрк операциясы башталса, Орусия аны токтото албайт» деген билдирүүсүн берди.

«Стар» гезити «Моюнга алуу: АКШ Түркияны кыжырданткысы келбейт» деген кабарында Американын Responsible Statecraft журналындагы макаласында: «Түркия Сириядагы душмандарын жок кылуу үчүн болуп көрбөгөндөй чоңдуктагы кургактык операциясына даярданууда. АКШнын президенти Жо Байден башкаруусунун Украинадагы кагылышууга каршы Түркияны абдан маанилүү өнөктөш катары көргөнү баса белгиленген макалада : «Ак үй азыр Түркияны кыжырдантууну каалабайт» деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар