Түрк басма сөзү 23.11.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1909704
Түрк басма сөзү 23.11.2022

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган: терроризмди түп тамырынан бери жок кылабыз» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдоган, Сириянын түндүгүндөгү террордук уюмдардын Каркамышка ракеталык кол салуусуна байланыштуу, Түркияны тамга оюндары менен террордук уюмдун атын өзгөртүп, аскерлеринин террористтердин жанында турганын көрсөтүп алаксытып жатканын ойлогондор үчүн жолдун аягы келгенин айтканын жазган. Эрдоган: «Чек араларыбызга жана жарандарыбызга кол салуулар уланып жаткан жерлерде коопсуздук сызыгын сызышыбызга эч ким тоскоол боло албайт же каршы чыга албайт»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Министр Сойлу немис министрине каршылык көрсөттү» аттуу маалыматында ички иштер министри Сүлейман Сойлу террор менен күрөшүүдө тең салмактан сөз кылган Германиянын ички иштер министри Нэнси Фезерге каршылык көрсөткөнүн билдирген. Министр Сойлу, «Истиклал көчөсүндө бейкүнөө адамдар өлтүрүлдү. Ал адамдарга эч кандай тең салмак болгон жок. Польшага эки бомба түштү деп НАТО ордунан тура калды. Адамдарды аймагына, динине жана жашаган жерлерине карап бөлүүгө болбойт. Адам укуктары бүткүл дүйнө жүзүндөгү адамдарга таандык»,-деди.

«Ватан» гезити «Террордун курмандыгы болгон 5 жашар Хасан жерге берилди» аттуу кабарында Сириянын Айн Эль Араб аймагында ПКК/ЙПГ террористтери тарабынан Газиантептин Каркамыш районундагы мектептерге жасалган ракеталык кол салууда шейит болгон 5 жаштагы Хасан Караташтын жерге берилгенин жазган. ПКК/ЙПГнын мектепке кол салуусунда шейит болгон мугалим Айшенур Алкан да акыркы сапарга узатылды.

«Йени Шафак» гезити «Орусия: Түркиянын мыйзамдуу укугу» аттуу маалыматында Орусиянын Президенттиги Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Түркиянын Сирия жана Ирактын түндүгүндөгү террордук операцияларына байланыштуу: «Сирия боюнча тынчсыздануусун түшүнөбүз. Мунун Түркиянын мыйзамдуу укугу экенине ишенебиз»,-дегенин билдирген.

«Стар» гезити «Марокко падышасы Мухаммед VIдан Түркияга ыраазычылык» аттуу кабарында Марокконун падышасы Мухаммед VI: «Цивилизациялар Альянсы форумунун уланышы менен бул уюмдун маданияттар, диндер жана цивилизациялар ортосундагы түшүнүү, ишеним жана диалог үчүн шилтеме катары институтташтырылышына салым кошкон ар бир адамга ыраазыбыз»,-дегенин жазган.



Тектеш кабарлар