Түрк басма сөзү 14.11.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1906132
Түрк басма сөзү 14.11.2022

«Сабах» гезити «Истиклал көчөсүндөгү жардыруу боюнча Эрдогандын билдирүүсү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Стамбулдун Истиклал көчөсүндө болгон жардыруу тууралуу кечээги билдирүүсүндө: «Улутубуз Истикал көчөсүндө болгон окуянын күнөөкөрлөрү тийиштүү жазасын ала турганына ишениши керек»,- деп айтканын баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Сойлу: Кол салган киши кармалды» аттуу кабарында ички иштер министри Сүлейман Сойлунун Стамбулдун Истиклал көчөсүндө болгон жардырууну уюштурган кол салуучунун камакка алынганын билдиргенин маалымдаган. Сойлу: «Бул азапка себепкер болгондор жакында бул азаптан эселенген көп азапка туш боло турган күндү көрсөтөбүз»,-деди.

«Ватан» гезити «Чеңгел-Кулпу операциясында 455 террорист жок кылынды» деген кабарында Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) ушул убакка чейин 455 террористти таасирсиз абалга келтирди, 557 үңкүр жана баш калкалоочу жай «Чеңгел-кулпу» операциясынын алкагында жок кылынганын маалымдаган.

«Стар» гезити «Түркиянын чечими Испаниядан» аттуу маалыматында Испания Түркиянын абадан коргонуусуна салым кошуу үчүн жиберген Patriot ракеталык коргонуу системасынын жана жооптуу аскерлеринин кызмат мөөнөтүн 2023-жылдын июнь айына чейин узартканын маалымдаган. Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Испаниянын коргоо министри Маргарита Роблес менен сүйлөшүп, союздаштык рухуна ылайык иш-аракеттери жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Хабер түрк» гезити «Текстиль жана чийки зат секторунан 8,7 миллиард долларлык экспорт» деген кабарында Текстиль жана чийки зат сектору быйылкы жылдын 10 айында 8 миллиард 720 миллион доллар менен январь-октябрь айларынын эң жогорку экспортуна жетишкенин белгилеген.



Тектеш кабарлар